14-декабрда Экономика жана финансы институту  экономика илимдеринин доктору, профессор Айылчы Сарыбаевдин 70 жылдыгына карата “Жаӊы дүйнөлүк калыптануу шартындагы Кыргыз Республикасынын экономикасы” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция өткөргөнү турушат. Агайбыздын басып өткөн өрнөктүү жолу менен, элине кылган зор эмгеги менен төмөндө учкай тааныштыралы.

Айылчы Сарыбаев 1948-жылы 24-ноябрда Жумгал районуна караштуу Кайырма айылында жарык дүйнөгө келген. Атасы Жайылов Сарыбай Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери. 8-класска чейин Кайырма айылындагы орто мектептен билим алып, мектептин коомдук иш-чараларына активдүү катышкан. Класском, мектептин комсомол комитетинин мүчөсү, “Дүбүрт” аталышындагы мектеп дубал гезитинин редколлегиясынын мүчөсү  болгондон сырткары райондук жана республикалык пионер жана комсомол гезиттерине макала жазып турган.

Айылчы агай, 8-классты артыкчылык менен бүткөндөн кийин Фрунзедеги финансы-кредиттик техникумуна тапшырып, “Бюджеттик мекемелердеги бухгалтер” адистигине ээ болуп чыгат.

Эмгек жолун 1966-жылы Ысык-Көл райондук билим берүү бөлүмүндө эсепчиликтен баштаган. 1967-жылы Жумгал райондук финансы бөлүмүнүн мамлекеттик киреше бөлүмүнө экономист болуп которулат. 1968-69-жылдары Жумгал райондук мамлекеттик камсыздандыруу инспекциясынын башкы эсепчиси.

1969-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин экономика факультетинин “Финансы жана кредит” бөлүмүнө тапшырат. Ал жакта да өзүнүн активдүүлүгүн, лидерлигин көрсөтүп, группанын старостасы болуп, мыкты окуганы үчүн жогорку стипендия алып турган.  1974-жылы аталган окуу жайды бүтүп, ошол эле жакта “Финансы жана кредит” кафедрасында мугалим болуп калган. Кыргызстан эгемендүүлүгүн алгандан тартып биринчилерден болуп “Кыргызстандын каржысы”, “Камсыздандыруу”, “Каржы менеджменти”, “Каржы теориясы”, “Каржы тарыхы”, “Салык теориясы” сыяктуу программаларды иштеп чыккан.

1982-жылы Алма-Ата шаарында “Мамлекеттик чарбалардын экономикасын чыӊдоодогу каржылык методдор” деген темада өзүнүн кандидаттыгын жактаган.

Сарыбаев 70-жылдардлагы Кыргыз ССРинин жаш окумуштуулар  сынагынын  жеңүүчүсү. “Знание” КПСС БК коомунун мүчөсү, “Элдеги экономикалык билим” девизинин алдында мекемелерге, ишканаларга лекцияларды окуп турган.

В.С.Геращенко, М.К. Шерменов, Д.С. Моляков, О.Д.Лаврушин аттуу мыкты профессор-экономисттерден  билим алып, квалификациясын жогорулаткан. Көптөгөн эл аралык жана бүткүл Союздук илимий-практикалык конференцияларга, симпозиумдарга катышкан.

Кыргыз Республикасы эгемендүүлүгүн алгандан кийин жаӊы экономикалык система боюнча нормативдик документтерди иштеп чыгууга бел байлаган. “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджети жөнүндөгү”, “Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө”, “Салыктар жана салык салуу жөнүндөгү” мыйзамдарды рецензиялаган. Мугалимдерден биринчи болуп Ташкенттен Дүйнөлүк банктын каржы жана кредит боюнча кайра даярдоо курсунан өтүп келген.

1994-жылы Кыргыз Республикасынын экономика министрлигинин алдындагы экономика илимий-изилдөө институтуна которулган. А.Сарыбаевдин катышуусу менен Кыргызстандагы эркин экономикалык аймактардын каржылык негизиндеги өнөр-жайдын, айыл-чарбанын, энергосекторунун өнүгүшү боюнча программа иштелип чыккан.

1997-жылы А.Сарыбаев Кыргыз айыл-чарба академиясынын “Финансы жана кредит” кафедрасынын кафедра башчысы болуп которулат.

2000-жылдан тарта КУУнун “Коммерция” кафедрасын жетектеп калат. 2005-жылы аталган кафедра “Маркетинг” болуп өзгөрөт.

2007-2009-жылдары БГУнун  “Дүйнөлүк экономика” кафедрасын жетектейт.

1990-2009-жылдары А.Сарыбаев КРСУ, КЭУ, БФЭА жана башка жогорку окуу жайларда доцент, факультет деканы, биринчи проректор кызматында лекцияларды окуп, бир нече жолу мамлекеттик аттестациялык комиссияны башкарган.

 

Өзү негиздеген окуу жай…

 

2016-жылдан бери Айылчы Сарыбаев Экономика жана финансы институтунун ректору.

Аталган институттун негизги максаты мыкты кадрларды даярдоо болуп эсептелинет. ЭФИнин профессор-мугалимдик курамы жогорку квалификациялуу адистерден турат. Институттагы кадрдык сасат профессионалдык принципке таянат. Институт Кыргызстан элдеринин биримдигине, алардын маданий мурастарын сактоого, улут аралык мамилелерди чыӊдоого салым кошуп, эл аралык кызматташууларга умтулуп, жогорку дүйнөлүк ийгиликтерге жетишүүгө умтулуп келет. Көптөгөн эл аралык программаларга, долбоорлорго катышып, байланыштарды кеӊейтип, интеллектуалдык элитаны тартып, алмашууну көздөйт.

Институт чет элдик (Кытай, Монголия, Казакстан ж.б.)өнөктөштөр менен келишимдерди түзүп, меморандумдарга кол койгон.

Айылчы Сарыбаев бир катар шайлоо өнөктөштүктөрүнө катышып, 2006-2010-жылдары коомдук оппозициялык парламенттин мүчөсү болгон. Россия, АКШ, Турция, Италия, Япония сыяктуу ири өлкөлөрдөн квалификациясын жогорулатып келген.

Азыркы учурда Сарыбаев:

  1. КРнын Билим жана илим кызматкерлер профсоюз Борбордук комитетинин алдындагы билим жана илим кызматкерлерин колдоо инициативдүү тобунун төрагасы;
  2. Ж.Баласагын атындагы КУУнин экономист-бүтүрүүчүлөр ассоциациясынын президенти;
  3. Социалдык-экономикалык маселелер боюнча бир катар партия жана коомдук уюмдардын эксперти;
  4. Кыргыз-Кытай Жибек жолу экономикалык изилдөө борборунун директору;
  5. “Мидин Алыбаев — 100” коомдук фондунун директору.

Сарыбаев 250дөн ашык илимий-методикалык эмгектердин автору, анын ичинде 12 китеби жана монографиясы бар. Анын жетекчилиги астында 6 докторлук, 35 кандидаттык диссертациялар жакталган. Азыркы учурда 20дан ашык аспиранттардын жана докторанттардын илимий жетекчиси.

Мына ушундай өмүрү өрнөк Айылчы агайыбыз жетимиш жаштын белесине келип, дагы да болсо белин бекем бууп, кийинк муундарга болгон билимин, тажрыйбасын бөлүшүп, талыкпай иштеп келатат. Агайыбыздын, элге арнаган эмгеги эден кайтсын. 80 жашты серпип, токсонду тоголотуп, жүз жашка чыксын.

        Мирбек  ЭСЕНГУЛОВ

 

1 КОММЕНТАРИЙ

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here