—Аскар мырза, биздеги көмүскө экономиканын көлөмүн Улуттук статистика комитети 26 пайыз десе, Дүйнөлүк банк 39 пайызга чейин, ал эми эркин эксперттер 50 пайыздан жогору деп эсептеп жатышат. Көмүскө экономиканы көлөмүн азайтуу же таптакыр жоюу үчүн кандай аракеттерди көрүшүбүз керек?

 —Мисалга алайынчы,  Дордой базары бир кезде эмне үчүн катуу өсүп, өнүгүп кетти? Анткени биз 1990-жылдардан кийин Бажы төлөмдөрүн кыйла аз өлчөмдө койдук да. Ошондон улам товарлар Кыргызстан аркылуу өтүп калбадыбы. Мындай көрсөткүчтөрдү товар агым деп коёт. Мындан башка да каржылык, инвестициялык агымдар бар. Инвесторлорго ар тараптуу жеӊилдиктерди түзүшүбүз керек. Ошондо гана экономикабыз көтөрүлүп, ишкерлер көмүскө экономикадан чыга баштайт. Бизде көмүскө экономика көбүнчө коррупциялык көрүнүштөр менен, ачык айтканда пара менен  коштолуп жатпайбы. Чиновниктер ал коррупциялык аракеттерин жашырат да. Анан эле шаардын бир жерине ресторан же башка бир имарат тургузуп, анын атын мисалга “Жумаева” деп коёт. Ал “Жумаеванын” артында ким, кандай чиновник турарын өзүӊөр түшүнөсүӊөр да. Ошон үчүн салыктарды, инвестициялык рычагдарды жеӊилдетип, либерализация жасасак, көмүскө экономика өзүнөн –өзү азаят.

Араб Эмираты, Гонконг, Сингапур сыяктуу катуу өнүккөн өлкөлөрдүн экономикасын анализдеп көрсөк, алар экономиканы көтөрүү үчүн салыктын деӊгээлин абдан аз кылышкан. Эмнеге дегенде, салык аз болгон өлкөгө дүйнөнүн чар тарабынан чоӊ-чоӊ компаниялар келип, инвестицияларды коркпой-үркпөй салышат. Бизде деле салыктарды азайтуу боюнча бир топ иштер жасалды. Чынында биздин салыктар азыраак. Негизи аз өлчөмдө эле болушу керек. Эгер биз салыктарды Казакстандан, же Өзбекстандан жогору коюп алсак, анда бизге инвесторлор келбейт. Баары ошол эле Казакстанга же башка жакка кетишет.

—“Коррупцияга каршы күрөш тандамал жүрүп жатат, президент санаалаштарын жоопко тартпай жатат”- деген кеп –сөздөр эл ичинде абдан көп айтылып келет.  Деги коррупцияга каршы күрөш сиздин купулга толуп жатабы?

 —Коррупцияга каршы күрөштүн биринчи  этабы ТЭЦке байланыштуу иш болду да. Негизи эле ТЭЦ боюнча коррупциялык иштин тамырлары абдан тереӊ экен да.  Чынында ушунча жылдан бери мындай камоо болгон эмес да. Эл ичинде да: “1937-жыл болуп жатабы?”- деген кеп айтылып кетпедиби. Бийлик да бул маселе боюнча бир аз тизгинин тарткандай болду. ТЭЦтеги коррупциялык иштен  бүт Кыргызстан сабак алып, таасирлениши керек эле. Сабак алгандар анча-мынча болгондур, бирок болбой эле андан кийин деле чоӊ кызматта иштегендер кармалып жатпайбы. Күрөштү да эки жакка тартпай,  аймактарга, башкаларга карабай калыс жүргүзүү керек. Ошондо ар кандай сөздөрдүн аягы да тыйылат.

Өкмөттүн ишмердүүлүгүнө кандай баа бересиз? Абылгазиевдин өкмөттү жетектеп жатканына 8-9 ай болуп калды. Сын абдан көп айтылып жатпайбы…

—Көпчүлүк өкмөт кыска убакыттын ичинде эле укмуш чоӊ иштерди жасап жиберсе деп ойлойт да. Мен ойлоп жатам, өкмөт башчы өз командасы менен 8-9 айдын аралыгында бардык тармактар боюнча адистер менен, көп көйгөйлөрдү, аларды чечүү боюнча багыттарды топтоп, акыл жыйнап жаткандай сезилип жатат. Эми 2019-жылы жемиштүү иштеп, эл күткөн жыйынтыкты бериши керек. 2020-жылы да, 2021-жылы  андай жемиштүү иштерди күчөтүшү зарыл. Бышпаган ишти алып чыгып алышып, аны ишке ашыра албай, уят болгондон алыс болбошу абзел. Мурунку өкмөт башчылар да бышпаган иштин далайын айтып жиберип, канча уят болушпадыбы.  Ошондой болбосо деп жатам.

Бирок кепилдик жок да, өкмөт жазда алмашып кетиши толук мүмкүн да…

 —Мен өкмөт башчылардын тез-тез алмашышына башынан каршымын. Жок дегенде 5 жыл иштеши керек. Куру саясат менен алектенип жатып, ушу кезге чейин 29 премьер-министрди алмаштырдык. Жыйынтыгын көрүп жатабыз. Мен чынында азыркы премьердин 5 жыл иштеп, жыйынтык көрсөтүшүн каалайт элем. Быйылкы жылы өкмөт реалдуу долбоорлордон: жеӊил өнөр жайына  индустриялык паркты ишке киргизүү аракетин көрдү. Бул өтө жакшы иш. Санариптик экономика башталды. Инвесторлор боюнча долбоорлорду айтсак болот. Эгер 2019-жылдагы пландар ишке ашпаса, ошондо өкмөттү катуу сураш керек.

—Коопсуз шаар маселесине ар бир жаран кайдыгер карабай, ишке ашышын каалап келет. Бирок 7 жылдан бери талаш-тартыш, коррупциянын айынан ишке ашпай келди. Ушу тапта ишке ашыруу аракеттери колго алынды. Бирок баасы кымбат деп баягы эле көрүнүш кайталанып турат. Бул боюнча эмне айтасыз?

 —Талаш-тартыш боло берет. Бирок өкмөт 100 пайыз жоопкерчиликти алып, бул долбоорду 100 пайыз иштетиши керек. Азыркы өкмөт мына ушундай кадамга барып жатат. Эми машиналарын Ишеним каты менен айдап жүргөндөр бир топ баш оору болот. Ошол маселеден улам, түшүнбөстүктөр жаралат. Алардын баарын мыйзамдын негизинде иретке салуу зарыл. Чынында жол эрежесин бузгандардын чөнтөгүнө сокку кылбайын, аларга сабак болбойт. Мурункудай эле мыйзамдарга баш ийбей жүрө беришет. Бирок мындай көрүнүш буга чейин жетиштүү болду. Андай өзүм билемдик менен жүрө берсек, мамлекеттин да, мыйзамдардын да, өкмөттүн да кереги жок болуп калат. Тартипти катуу орнотуу үчүн  мыйзамдар талапка ылайык иштеши зарыл. Баарыбыз мыйзамды бирдей аткарышыбыз керек!

—Соӊку суроолордон берейин. Экс-президент менен азыркы президенттин тиреши каякка алып барат? Бул маселе боюнча эмне айтасыз?

 —Башында сүйлөшүп алгандай жол менен кетиши керек эле. Кеткен президент келген президенттин ишине кийлигишпей эле, тынч жашаса жакшы болмок эле.  Мисалы,  Ельцин  Путинди президент кылгандан кийин, анын  ишине такыр кийлигишкен жок. Мына ушундай саясаттан деле сабак алышы керек эле да. Бири-бирин узак жылдан бери билишет.   Азыр деле кеч эмес, күчөп кетпей, эл үчүн ынтымакта болуп, ар ким өз жолдору менен болсо абдан жакшы болот эле.

4-5 күндөн кийин жаӊы-жылды тособуз. Майрамдык маанай кылып, элге учкай каалоо-тилегиӊизди айтып койсоӊуз.

—Эӊ башкысы эли-журтубуз менен аман-эсен бололу. Тынчтыктын, өсүп-өнүгүүнүн жылы болсун! Элибизде ынтымак бекем болсун! Дүйнөдө тынч эмес көрүнүштөр болуп жатат, ошон үчүн бүт дүйнөдө ынтымактын тамыры тереӊ болуп турсун! Чоӊ мамлекеттер бири-бири менен касташпасын. Алар  тирешсе, биздин кичинекей мамлекеттерге да таасири тийип калышы мүмкүн. Кандай болгон учурда да элибизде токчулук, молчулук болуп, элибиз бакубат жашоодо жашасын!

Маектешкен  Айбек ШАМШЫКЕЕВ