Үстүбүздөгү жылдын 17-декабрдан 21-декабрына чейин Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министрлиги жана Кыргызстан театр ишмерлер союзунун уюштуруусу астында студенттик спектаклдердин IV Республикалык “Жаңы ысымдар” театр фестивалы өткөрүлдү.

Фестивалдын негизги максаты — келечекте театр сахнасынын жылдыздарын алдын ала аныктоо жана жаш таланттардын келечектеги тагдырына алдын ала кам көрүү эле. Театр максатына жетти деп эсептейбиз, анткени, учурда театралдын окуу жайларда чынында төрт тарабы төп келген, жан дүйнөсү менен ролун берилип аткарган талантуу жаңы жүздөр чынында өсүп келе жаткандыгы калыстар тобун кайдыгер калтырган жок.

Калыстар тобунун төрагасы Кулмамбетов Жаныш болуп,  ал эми мүчөлөрү З.Акылаева, Л.Молдалиева, К.Иманалиев, Т.Сыдыков болду. Калыстар тобунун катчысы Кыял Тажиева. “Жаңы ысымдар” театр фестивалында  4 спектаклден үзүндү жана 11 толук кандуу спектакль коюлду.

Жалпысынан фестивалда 16 номинация белгиленип, 20 сыйлык тапшырылды.

  1. Гран-При — “Ай төгөрөк, ак чийин” спектакли Кыргыз-Түрк “Манас” университети;
  2. 1-орун — “Жамийла” спектакли Кыргыз-Түрк Манас университети;
  3. 2-орун —“Бир кемпир” спектакли. Б.Бейшеналиева атындагы искусство университети. 5-курс;
  4. 3-орун — “Уурулар кечеси” спектакли. Б.Бейшеналиева атындагы искусство университети. 4-курс;
  5. “Эркектин мыкты ролу” номинациясына — “Башат” спектакли –Абакирдин образындагы Айтбек Шаршенов, Нарын медициналык коледжи;
  6. “Аялзаттын мыкты ролу” номинациясына — “Сур эчкинин осуяты” спектакли — Сур эчкинин ролундагы Мирбек кызы Гүлжамал;
  7. “Экинчи пландагы эркектин мыкты ролу” номинациясына — “На дне” спектакли – Васька Пепелдин ролундагы Вячеслав Сова “Гала театры”;
  8. “Экинчи пландагы аялзаттын мыкты ролу” номинациясына — “Бир кемпир” спектакли – неберенин ролундагы Айдана Кайыпова, Б.Бейшеналиева атындагы искусство университети. 5-курс;
  9. “Мыкты режиссура” номинациясына — “Жамийла” спектакли (Кыргыз-Түрк “Манас” университети) – Мехмет Костекчи;
  10. “Мыкты дебют” номинациясына — Ош МУ кино академиясы “Наристенин чаңырыгы” спектакли. Режиссеру Тимур Маматкулов;
  11. “Калыстардын атайын сыйлыгы” — “Ай төгөрөк, ак чийин” спектиаклинде Грушенын ролундагы Гүлнур Жалилбекова;
  12. “Фестивалдын атайын сыйлыгы” –“Майсалбектин каты” үзүндүдө Майсалбектин монологун окуган КРСУнун студенти Валерий Скрипников

2.“Кайрылып куштар келгенче” чыгармасынан үзүндү.

  1. “Поэзияны жаңыча окуу” — Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Жан-дүйнө клубунун “Ата Мекен” поэтикалык спектакли
  2. “Айтматовдун прозасына жаңыча көз караш” — Кыргыз мамлекеттик экономикалык университетинин “Сүйүн-Аят” театр-студиясынын “Саманчынын жолу” спектакли
  3. “Эң мыкты драматургия” номинациясына – 1.Нурзат Тынаалы кызы “Токойдогу той”, 2.Кенжебек уулу Самат “Үмүттүн кыйрашы”
  4. “Эң мыкты рецензия” жазгандыгы үчүн Камилжан уулу Тимурлан, Алина Турдумаматова

Жаныш Кулманебетов, режиссер: “Фестивалды эл аралык деңгээлге алып чыгыш керек”

Жогоруда белгиленгендей, мына келечек жаштары мына ушундай ийгиликтерди жаратышты. Бул саамалык, жаштар үчүн театр дүйнөсүнө чоң эшик ачып берет деп ишенебиз. Бул фестивалдын максаты жана жүрүшү жөнүндө Кыргызстан театр ишмерлер союзунун президенти Жаныш Кулмамбетов мына мындай ойлорун айтты:

  • Бул фестивалда сиз эмнени күттүңүз эле, жана эмнени ала алдыңыз?
  • Жаңы ачылыштарды күткөм. “Жаңы ысым” деп аты айтып тургандай атына төп келе турган жаңы таланттар көрүнөт го деп үмүт кылгам. Ошол үмүт акталды.
  • Өзгөчө сизди таланты менен таң калдырган талант ким болду?
  • Биринчиден “Бир кемпир” спектаклиндеги Кайыпова Айдана, экинчи “Ай төгөрөк, ак чийин” спектаклиндеги Грушенин ролундагы Гүлнур Жалилбекова болду.
  • Фестивалдын келечегине ишенесизби?
  • Ишенем, анткени бул фестивалдын зарыл экенин мезгил өзү далилдеп атат. Бул фестивалды мындан ары дагы кеңейтип, эл аралык деңгээлге алып чыгыш керек.

Кайрат Иманалиев, драматург, КР эмгек сиңирген ишмери: “Жаштар үчүн театр салышыбыз керек экен деген идея пайда болду”

— “Мен өткөндө Айтматовдун 90 жылдыгына арналган фестивалда Казакстандан келген “Астана жастар театрынын” таланттуу жаштарын көрүп алып,  бизде эмне үчүн ушундай жаштардын агымы жок деп ичимден кейидим эле, бирок мына кудайдын кулагы сүйүнсүн,  төрт күндөн бери таланттуу жаштардын бар экенине, артыбыздан келе жаткан агымдын бар экенине сүйүнүп, керек болсо жаңы жаштар үчүн театр салышыбыз керек экен деген идея пайда болду” – деп өзүнүн келечекке болгон үмүтү жанганын сүйүнүү менен жар салса, КР Эл артисти Жамал Сейдакматова театрдын келечеги кең болушу үчүн алдыда дагы көп көйгөйлөрдү чечүү керек экендигин эске салып: “Мына биз келечекте театрдын жашап калышы үчүн канчалык аракеттерди жасап, спектакльдерди көп убакытты, көп эмгекти талап кылып чыгарып жатабыз. Бирок, өкүнүчтүүсү биздин эмгек бир же эки көрсөтүлгөн бойдон чаң басып, көрулбөй калып калып жатат. Анткени, театрга киши келбейт. Биз мындай темп менен кете турган болсок, эч кандай өсүү болбойт, ошондуктан менин силерге сунушум, келиңиздер биз театр ишмерлери “Бишкек шаары – театрлар шаары” деген ураан менен чыксак”.

Бул саамалык чынында абдан келечекке үмүт отун жаккан жакшы бир жагымдуу маанай тартуулады. Чынында кадам баскан сайын азыр заңгыраган, жомоктогу сарайларга окшош тойканалар көзгө урунат. Балким мына ошолордун бир-экөөсү эле театр үчүн салынганда аттиң, биздин жаштар жакшы тагдыр издеп чет элге кетпейт беле деп өкүнүчтүн жашы көзгө кылгырат. Аттиң, ансыз да канча убакытты шамалга чачып жибердик, жок дегенде эми ошол өксүктү толтуруу үчүн сөзсүз мына ушул залкар замандаштарыбыздын изги тилектери ишке ашырсак деген шаштым ой жанга тынчтык бербейт.

Акын, драматург Кыял Тажиева.