Чыгыш календарына ылайык 2019-жыл сары доӊуз жылы аталып, 5-февралда ит  бийлигин доӊузга өткөрүп берет. Бул жылга кандай сапаттар мүнөздүү, бизди кандай «белектер» күтөт, чыгыш календарына көз чаптыралы…

Доӊуз 12-катарда болуп, чыгыш календары боюнча Инь тобуна кирет. Белгинин өӊү кара, илгертен кара өӊ барк менен беделдин белгиси катары сыпатталат. Андан сырткары кара өӊ ар кандай тоскоолдуктарды жеӊип, алдыга койгон максаттарга оӊой жетүүгө жардам берет. 2019-жылы мода боло турган өӊдөр-сары, кара. Акация, жаӊгак, лаванданы өстүрүү ийгиликтерди чакырат дешет. Ал эми доӊуздун талисманы катары коралл ташы эсептелгендиктен, айымдарга коралл ташынан жасалган белектерди берүүгө болот. Доӊуз жылында бойдок жүргөндөрдүн көбү өзүнүн сүйүктүүсүнө баш кошушат.

Иште баарын иш сапарлар, жол жүрүүлөр көп күтөт. Жаӊы перспективалар ачылып, ийгиликке карай узун жол түзүлөт. Доӊуз жылында төрөлгөндөр кичинесинен эле китепке, билимге суусагандар болот. Аларга эӊ оболу билимдүү адамдар менен баарлашуу жакшы маанай тартуулайт. Алар такай билимдүү адамдар менен маек куруп жүрүп, адамдагы жаман сапаттар жөнүндө көбүндө түшүнүк азыраак болот. Үй-бүлөсү үчүн жанын кошо бергенге даяр болушат.

Доӊуздар тамакты башка жаныбарларга караганда көп ылгабай жегендиктен, үстөлгө эмне койсоӊуз да боло берет. Үстөлгө уй, коён,  чочко этинен жасалган тамактарды койсоӊуз жакшы. Башка жылдарга салыштырмалуу быйыл тынч, бейпил турмуш өкүм сүрөт, чуулгандуу окуялар болбойт.

Кой жылдызындагылар материалдык абалын оӊдой алат

Койгон максатыңызга жетүү үчүн чыдамкай болуп, ишке жоопкерчилик менен мамиле жасаңыз. Бир топ кыйын болгонуна карабастан бул жылы материалдык абалыңызды оңдоого жана кызматтан жогорулоого мүмкүнчүлүк бар. Сиз үчүн бул жыл жакшы окуяларга жыш жыл болушу мүмкүн. Сабырдуу болуп, үй-бүлө, бала-чака, тууган-урукка жакшы кам көрүңүз. Жайында үйүңүздө өзгөрүүлөр болуп ремонт иштери менен алектенесиз.

Букачарлар жыл аягында ийгиликке жетишет

Сизге быйыл оомат келип, үйүңүздө, ишиңизде, дегеле бардык жерде ийгилик коштойт. Ири киреше берүүчү сунуш түшүп, материалдык абалыңыз чыңдалат. Бул арада кыйынчылыктар кездешпей койбойт, бирок сабырдуу болуу менен жыл аягында ийгиликке жетишесиз. Көздөгөн максатыңыздан эч качан баш тартпаңыз, анткени доӊузга эч убакта жалтанган мүнөз туура келбейт. Жыл аягында алган карызыңызды кайтарып, төккөн маңдай териңиздин акыбетин жыйнайсыз.

Эгиздер идеяларын ишке ашырат

Сиз үчүн быйыл жакындарыңыз өтө маанилүү орунду ээлеп, тааныштарыңыз көбөйөт. Иш сизди гана эмес, сиз менен чогуу иштегендерди да кубантат жана көп киреше алып келет. Сиз бул жылы сөз аркылуу иштейсиз: өз идеяларыңызды ишке ашырасыз, көп окуп билимиңизди толуктайсыз. Адабиятта, маданиятта, үй-бүлөдө, ишиңизде, шоу-бизнесте — бардык жерде ийгилик күтөт. Январдын башында талаш-тартыш жаралышы мүмкүн. Күзгө барып финансылык абалыңыз жакшырат.

Бөйөндөрдү сүйүү курчайт

Биринчи планга үй-бүлө жана балдар чыгат. Сүйүү жана эс алуу жылдын көп мезгилинде курчап турат. Жылдын биринчи жарымында ишиңизде жакшы сунуштар болуп, жаңы максаттар жана пландар пайда болот. Акчадан көйгөй жаралбайт. Социалдык абалыңыз стабилдүү бойдон сакталат. Экинчи жарым жылдыкта жаңы кызыкчылыктар пайда болот. Жаңы тааныштарга жолугасыз. Бирок шектүү адамдар менен алака түзүүдөн оолак болуңуз.

Арстандар жаӊы иштерди башташат

Мурдагы эмгегиңиздин үзүрүн тата баштайсыз. Ден соолугуңузга кам көрбөсөңүз, өнөкөт оорулар козголушу мүмкүн. Иш ордуңузду алмаштыруудан мурун жакшылап ойлонуңуз, антпесе эски иштен кол жууп, жаңы иш таба албай калышыңыз мүмкүн. Жыл аягы жаңы сыноолорго туш кылып, аягында жеңишке жетесиз. Балдар жана чыгармачылык жүрөгүңүздү кубантат. Көп арстандар балалуу болууну эңсейт. Жаңы иш баштайсыз жана аны ийгиликтүү алдыга жылдырасыз.

Бийкечтер жашаган жерин алмаштырышат

Жакшы адамдарга жолугасыз. Жыл башында сизди ийгилик коштоп, январдын аягында маанилүү жолугушуу болот. Кимдир бирөөлөрдүн таасиринен улам үйүңүздү, жашаган жериңизди алмаштырышыңыз мүмкүн. Бул өзгөрүүлөр кызыктуу жана зарыл болгондуктан, сизди кубанычка бөлөп, жакындарыңыз менен бирге болуудан ырахат аласыз. Окууга жана ишке көңүл коюу негизги багытыңыз болуп калат. Жеке турмушуңузда бейпилдик орноп, көптөн берки татаалданып келген мамилелер оңолот.

Таразалардын каржылык маселелери чечилет

Жеке турмушуңузда жана ишиңизде ийгилик жылмайып, кирешеге тунасыз. Каржылык жана материалдык маселелер чечилет. Кадыр-баркыңыз жогорулап, таанымал жана ийгиликтүү адамдардан колдоо табасыз. Финансылык авантьюрадан алыс болуңуз, анткени көп нерседен кол жууп калышыңыз мүмкүн. Саякатка чыгууга, иш, үй-бүлө, кыскасы баарына үлгүрөсүз жана жалпы адамдык кызыкчылыктар тынчыңызды алып, коомдук иштерге олуттуу кирише баштайсыз.

Чаяндар көӊүл борборунда болушат

Бул жылы көңүл борборунда болосуз. Ишиңиздин акыбети кайтып, көптөрдөн ыраазычылык угасыз. Маанилүү жолугушуу күтүлөт. Кадыр-баркыңыз жогорулап, айланаңызда ийгиликтүү адамдар пайда болот. Эски тааныштарыңыз  сиздин эмгекти баалап, пландарыңызга колдоо көрсөтө баштайт. Yй-бүлөлүк капчыгыңызга киреше кирип, сапарларыңыз ийгиликтүү болот. Ден соолугуңузга кам көрүңүз.

Жаачылардын иши оӊолот

Жаачылар акыркы тыйынга чейин акча жумшоону жакшы көрүшөт. Бирок акыркы кездеги абал мындай кылууга жол бербей, үнөмдөөгө мажбурлап жаткан. Ага карабай алдыга үмүт менен карап оптимист болуңуз. Жеке турмушта да, жумушта да чыныгы турмуштук позиция жардам берип,  талыкпаган жана ак эмгек гана киреше алып келерин унутпаңыз. Жыл ичинде жакындарыңыз курчаган чөйрө өзгөрүп, жаңы тааныштар пайда болот. Досторуңуздун жана тааныштарыңыздын жардамы менен иштериңиз жакшырып, кирешелүү болосуз. Жакындарыңыз менен болгон мамиле жыл өткөн сайын жакшырат.

 

Текечерлер үчүн жаӊы жашоо башталат

Бул жылы досторуңуздун, тарапташтарыңыздын жардамы менен көп пландарыңыз ишке ашат. Көп идеялар реалдуулукка айланат. Айланаңызга шектүү карабай, жашоого башкача көз караш менен караңыз. Өзүңүз менен айланадагылардын ортосуна дубал койбой, тескерисинче көпүрө курууңуз зарыл. Ошондо гана адамдар сизге кол сунушат. Андан улам жүрөгүңүздөгү муз эрип, мамиле жакшыра баштайт. Алардын жардамы сиздин көңүлүңүздү жибитип, жаңы жашоо башталганын сезесиз. Бул жылдан тартып 2-3 жылдык мезгил сиз үчүн өткөн бардык күндөрдүн өкүттүү элестеринен арылтчу маал.

Сууперилер иш которушат

Алган билимиңиз жана иш тажрыйбаңыз сизге жардамга келет. Бирок баары бир билим алууну улантканыңыз оң. Коомдук жана ишиңиздеги долбоорлорго катышуу материалдык пайда алып келет. Жалкоолукка алдырбай, жайында окууга киришиңиз. Алыстагы досторуңуз жана шериктериңиз пландарды ишке ашырууга жардам беришет. Бирок сизге ортомчунун ролун алууга туура келет. Жыл тыным албаган жумушуңуздун натыйжасында  жакшы жыйынтыкталат. Жумуш ордуңузду которушуңуз мүмкүн.

Балыктар кирешелүү болушат

Башкалардын түшүнө да кирбеген өзгөчө жайларга, кырдаалдарга туш болосуз. Жашаган жериңизди алмаштырып же узак жакка жол тартышыңыз мүмкүн. Кандай абалда болбоңуз, реалист бойдон калганыңыз оң. Элдер сиздин жакшы жактарыңызды көрө башташат. Кирешелүү болууңуз ыктымал. Бул жыл баштан аягына чейин жаңы идеялардын, ачылыштардын, билим алуунун жылы. Жаңы тааныштар жана кызыктуу жолугушуулар болот. Бирок мунун баары конкреттүү бир иштин же жумушуңуздун артында жатарын унутпаңыз.

Самара САЛАМАТОВА