Айыл өкмөт болуп турганда алкымдын айынан былык ишти кылып койгон Музаффар Исаков мандатынан айырылды. Эми анын ордуна мурунку чакырылышта “Ата-Журт”  партиясынан  депутат болгон аравандык Өмүрбек Бакиров келе турган болду.  Ал  2011-жылы депутаттыка бизнестен келген күркүлдөрдүн бири болчу. Ошентсе да, депутат болуп турган кезде, декларциясына эч  бир байлыгын көрсөтпөй, үйү, машинеси да жок “байкуш” экенин жазып келген. 2014-жылы ИИМди жетектеп турган Абдылда Суранчиев аны “уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары атайы тизмеде турат” —  деп жар салган. Ошондой эле Бакировду маркум криминал Алмамбет  Анапияевдин өкүл баласы экени айтылган. Бакиров бул айтылган кептин баарын четке кагып, өзүн актаганга аракет кылганы менен, ансынан көп деле жыйынтык чыккан эмес. Эмнеге дегенде , “жел болбосо, чөптүн башы кыймылдабайт” –деген тамаай айтылган кеп бар. Баса, “Ата-Журт” партиясында жүрүп, КСДПнын короосуна кире качканына караганда, 2015-жылы бул партиянын тизмесин чечкендерге “мүшөктөп” акча берген окшобойбу. Деги эле, депутаттыкка келгендердин көбү ушундай мандемдүүлөр болуп калды. Мамлекет анан кантип оңолот?

Булак: Багыт