—Аскар Мааткабылович,  учурда ар бирибиз жылды жыйынтыктап жатпайбызбы. Ушул өӊүттөн суроомду берип баштайын. Узап бараткан жыл сиз үчүн, сиздин үй-бүлө үчүн кандай болду?

—Жалпысынан алганда түшүмдүү жыл болду. Үй-бүлө тууралуу айтсам, кичүү уулум үйлөндү. Ага удаа эле,  улуу уулум үч эмдин (эки кыз, бир уул) атасы болду. Кудайга шүгүр, бала-бакыра аман-эсен. Эл-журттун ичинде талыкпай эмгектенишип, иштерин жүргүзүп жатышат. Улукбек быйыл “Дордой-Плазанын” экинчи корпусун салып  бүтүрүп, ишке берди.

Жаӊы салынган ал имаратты Бишкектеги заманбап, алдыӊкы соода борбору болуп калды десем жаӊылышпайм. Анткени, дизайны мыкты болгонун көпчүлүк айтып, өз бааларын  берип жатышат. Чынында бул борбордун курулушундагы, дизайнындагы өзгөчөлүктөрү Европа, Сингапур, Япония, Түштүк Кореядагы соода борборлорунан кем калышпайт. Маселен, имараттын  жер төлөсүндө 300 машина токтотууга болот. Андан тышкары, башкаларга үлгү болсун деп, 5 кабаттуу машина токтотуучу ПАРКИНГ салдык. Баары кызыгып келип көрүп кетип жатышат. Мэрия да, депутаттар ушундай ПАРКИНГдерди жайылтуу ниетин билдиришти.  Негизи эле  машина токтотууга ылайыктуу жайы бар соода борборлорунда соода жакшы жүрөрүн унутпашыбыз керек.  Мындан тышкары, Аламүдүн базарында  курулуш иштерин жүргүзүп, оӊдоп-түзөп, баардык шартты түзүп, соодагерлер үчүн 15 миӊ чарчы метр жерди ишке киргиздик.

—Жакында эле алыскы Ат-Башыга  завод куруп, ишке бердиңиз? Ал заводдо канча адам иш менен камсыз болот?

—Быйылкы жылды Аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыялашпадыбы. Биз да бул демилгеге өзүбүздүн салымыбызды кошолу деген ниет менен Ат-Башыга дары чөптөрдү кайра иштетүү багытындагы чакан завод курдук. Биз билгенден Тибетте, Алтайда дары чөптөрдөн миллиондогон долларларды таап алып жатышат. Дары чөптөрдү жулбай, аны сээп, өстүрүү жагы каралууда. Заводго тиешелүү делген бардык жумуштарда иштегендерди, саткандарды кошкондо 200дөй адам иштейт.Мындан тышкары, Балыкчыга  эт комбинатын түптөгөнбүз.  Буюрса, бул эт комбинаты Ысык-Көл, Нарын өрөөндөрүн жана  Чүй облусунун чыгыш жагын камсыз кылат. Келе жаткан жылдын күз айларына  бүтүрүүнү максат кылуудабыз. Чынында бизге эт комбинаты керек, себеби эт бизнесине  кызыккандар көп.

—Акыркы учурларда:  “Дордой” базары мурункудай болбой калды. Соода бүтүп баратат” — деген өӊдүү көп сөздөр айтылып кетпедиби. Эл оозунда элек жок дейт. Бул кептердин  чын-төгүнүн өз оозуӊуздан уксак. Бүгүнкү чыныгы ахыбалы кандай?

 —Быйыл  “Дордой”  базарынын тегерегин иретке келтирүү, шарт түзүү, талапка ылайык курулуш иштерин жүргүзүү боюнча абдан көп иштерди жасадык. Мисалы, машина токтотуучу жайларды куруп, жолдордун баарын асфальттадык. Адамдар өткөн жолдорго бурсчатка төшөдүк. Биздин өткөөл мезгилди унутпайлы, ал мезгил эми тарых болуп калды деп  челнокторго эстелик тургуздук.

Мен “Дордой” базары мурун кандай иштеп келсе, бүгүнкү күндө да ошондой эле деӊгээлде иштеп жатат деп так кесе айта алам. Ооба, ортодо биз  Бажы союзуна кире элек кезде казактар ал союздун мүчөсү эмессиңер деген жүйөө менен  чек арасын жапкан мезгилдерде кыйынчылыктар болду. Бажы союзуна кирген кезде көрсөткүчтөр 20 пайызга төмөндөп кеткен.  Бирок андай кризис узакка созулган жок. Кайра эле от алып кетти. Азыр болсо, андай көйгөйлөр жок. Соода-сатык кадыресе жүрүп жатат. Биздин “Дордойдо” иштешкен ишкерлердин салыгы менен “растоможкасын” эсептесек, Кумтөрдөгү  алтыныбызды казып жаткан Канаданын компаниясынын төккөн салыгынан ашып кетет. Баягыдай эле миӊдеген адамдарыбыз иштеп жатат. Биз базарда иштеген элди акырындык менен байытып жатабыз. Кумтөрдө болсо алтыныбыздын басымдуу бөлүгүн ташып кеткени аз келгенсип, экологиябызды да талкалап жатышпайбы.

Мына базар менен Кумтөрдүн айырмасы ушундай. Азыркы учурда биздин атаандашыбыз – бул интернеттеги соода-сатык болуп жатат. Интернеттен каалаган товарын сатып алышат. Кытайдын  “Али-Баба”, АКШнын  “Амазон” сыяктуу фирмалары үстөмдүк кылып, бүт дүйнөгө жайылтып жатышат.  Бирок андай соода-сатыктын бир кемчилиги мындай экен: интернеттен көрүп жактырган товарын  ташып келгенде жакпай калган учурлар болуп калат. Себеби, интернет сатыкта базардагыдай соода эмес да. Базардын өзүнүн маданияты бар: каалаган товарыӊды кармап көрөсүӊ, соодагер менен соодалашасыӊ, тамашалашасыӊ, айтор акырында көзүӊдү каныктырып анан аласыӊ. Бул жагы адамдын жүрөгүнө жакын. Дагы бир көрө албастар “Бажы менен коррупция болуп кетти ”- деген сөздөрдү айтышты. Бул сөз чындыкка жатпайт. Эмнеге дегенде ал жерде бажы жок, администрациянын бажыга тиешеси да жок.

—Жалпысынан алганда, быйылкы жыл мамлекетибиз үчүн кандай жыл болду?

 Мен эми ишкер катары  айтайын. Биринчиден ызы-чуусу жок, стабилдүлүүк жылы болду. Өсүш акырындык менен болуп жатат. Мамлекеттер аралык  мамилелер жакшырды. Мисалы, Казакстан, Өзбекстан, Түркия, Орусия, Кытай өлкөлөрү менен карым-катнаш талапка ылайык болуп калды. Деги эле, кошуна мамлекеттер менен ынтымакта, достукта жашашыбыз керек. Ички ишибизди алсак, былтыр ТЭЦтин иши бир топ будуӊ-чаӊ кылбадыбы. Бул эми чиновниктердин иши. Биз өзүбүздүн экономикабызды оӊдоп, алдыга жылдырсак, коррупциялык иштер аз болот. Чыныгы күрөш мына ошондо болот да. Экономикабыз көтөрүлсө, элдин жашоосу оӊдолот. Казынабызда каражат көбөйөт. Айлык-маяна да арбын болот. Өзгөчө жооптуу кызматтарда иштегендердин айлыгын көтөрүп койсок, алар коррупциялык иштерге, пара алууга барбайт эле. Азыр эмне, кичинекей кагаз жазып берип деле, мыйзамсыз акча алып көнүп алышпадыбы. Ал үчүн биринчи кезекте административдик – аймактык реформаны тезирээк ишке ашырышыбыз керек. Биздеги 7 облус, 43 район, 15 шаар дегенден баарын ылайыктап, бири-бирине кошуп, ирилештирүү зарыл. Мына ошондо бизде чиновниктердин саны азаят. Мисалы, Швейцарияны алалы. Аларда 15 кантон эле бар. Депутаттары деле биздикинен кыйла аз. Бирок экономикасы күчтүү. Бизде ушунча жыл  куру саясат менен алектенип, ахыбалыбыз анча жакшы болбой жатпайбы.   Бийлик азыр ишкерлерге жүзүн буруп, болгон шарттарды түзүп бериши зарыл.

—Өнүккөн өлкөлөрдө биринчи кезекте  ишкерлерге мыкты шартта түзүлгөн да. Себеби, ишкерлер экономиканын локомотиви болуп жатышпайбы. Бизде эмнеге мындай практика иш жүзүнө жакшы ишке ашпай келет?

 —Кептин баары мына ушундай болуп жатпайбы. Бизде азыр ишкерлик кылуу боюнча чаржайыт жазылган 100дөй мыйзам бар экен. Ал мыйзамдар бири-бирине туура келбейт, бири-бирине каршы келет. Сырттан, ичтен тартылган инвесторлордун ишине да каршы келе турган мыйзамдар бар.

Азыр Президенттин демилгеси менен Ишкерлердин кодексин жазуу боюнча атайын  чоӊ топ түзүлдү. Ал кодексти талапка ылайык (жогоруда айткан 100дөй мыйзамды иретке келтирүү ж.б.) кылып жазып жатабыз. Буюрса, жакшы кодекс жазылып бүтүп ишке кирсе, ошонун негизинде  ишкерлерге, ишкерликке жакшы шарттар түзүлөт деп турабыз. Ал кодексте чиновниктердин жоопкерчилигине да көӊүл бурулуп жатат. Азыр 500дөй кылмыш кыскартылып кеткенин айтып жатышпайбы. Эмнеге кыскартышат? Жеӊ ичинен акчасын алышат да, коё беришет, анан ишти жаап коюп келишкен да. Бул кодекс ишке кирсе, андай өзүм билемдиктер да тыкыр көзөмөлгө алынып калат. Эми бул кодекс кийинки жылдын июнь айларына чейин иштелип чыкса, өкмөт аркылуу парламентке жиберилип, анан парламент жактырып, кабыл алышы керек да. Азыр ишкерлерге эки жылдык мораторий киргизип жатышпайбы. Бул да жакшы. Ушундай жеӊилдиктер көп болуп турса, инвесторлор көп келип, экономикабызга  чоӊ салым болот.

(уландысы бар)

Маектешкен Айбек Шамшыкеев

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here