Бишкектин Биринчи май райондук соту Жогорку Кеңештин экс-депутаты Аскарбек Шадиевди 10 жылга күчөтүлгөн тартиптеги колонияда эркинен ажыратуу жана мүлкүн мамлекетке чегерүү жөнүндө өкүм чыгарды.

Бул тууралуу  Жогорку соттун басма сөз кызматы кабарлады.

Прокуратура аны 11 жылга түрмөгө кесүүнү соттон өтүнгөн.

Белгилүү болгондой Шадиевге алгач Айтматов сыйлыгынын (30 миӊ доллар) уурадалышы жана чек араны мыйзамсыз кесип өтүү боюнча эки кылмыш иши ачылган.Бүгүнкү өкүм ушул эки айып боюнча чыкты. Мындан тышкары, ага «Кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу же адалдоо» беренеси боюнча да айып коюлуп,  издөө жарыяланган.

Ал депутаттык мандатынан ушул жылдын 5-ноябрында ажыратылган.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here