-Абылгазиевдин аракеттерине кандай баа бересиз?

—Иштей албай сындан башы чыкпай жатканын көрүп жатпайбызбы. Мен президенттик шайлоодо Сооронбай Шариповичке иштедим. Президент болгондон кийин Абылгазиевди “адамдын асылы, укмуш”- деп мактап алып келди. Башкасын айтпай эле коёлу. Кана эми, үмүттү актадыбы? Кайсы тармакта өсүш болуп жатат? Эмнебиз гүлдөдү?   Бүгүн Атамбаев маалымат согушу менен ажо менен премьерге теӊ келип албадыбы. Же жалганбы? Эл азыр теӊме-теӊ болуп эки тарапка ишенип калды.  Элдин ишеними бийликке кетип жатат. Бирок ошол эле учурда обу жок мактап, оозуна ээ боло албагандар да аз эмес. Кошоматчы эл экенбиз. Жакшыбызды оңой менен көрө албайт экенбиз. Бийликтегилер элибиздин ушундай сапатынан болушунча  пайдаланып, жыргап жатышат. Шайлоо өткөрсөк, укмуш таза өткөрдүк деп бүт дүйнөгө жар салабыз. Митинг кылсак, баарын талкалап салгандан кайра тартпайбыз. Аң-сезимибиз да чөгүп кетти. Мына кечээ Арменияда 500 миң адам айлап митинг кылып, бийликти алмаштырды. Бирок мамлекеттик мекемелерди талкалаган жок. Өздөрүнүн акыр-чикирин өздөрү тазалап турушту. Бизде 10 миң киши митингге, же майрамга чыкса, эртеси 10-15  тонна акыр-чикир чыгарышат.  Атка минерлер коркпой эле уурдап жатышат, жеп жатышат. Камалса кайра бат эле бошонуп алышат экен, акчанын күчүнө салышып. Ошон үчүн бизге катуу тартип орнотуу үчүн өлүм жазасын киргизүү керек.

—Өлүм  жазасы биринчи кезекте кандай кылмыштарга колдонулушу керек?

—Антпесек, мамлекетте тартып болбойт, коррупционерлер, зордукчулар азайбайт. Биринчи кезекте: коррупционерлерге, педофилдерге,   террористтерге,  улут аралык чагымчыл кылгандарга өлүм жазасын киргизүү зарыл.

—“Коопсуз шаар” долбоорун ишке киргизип жатышпайбы. Бул боюнча эмне айтасыз?

—Эмне айтат элем. Жакшы иликтешкен жок. Баасы өтө кымбат. Машиналар эреже бузуп, чийинден өтүп кетсе акча чогултуп алып туралы деп жатышат. Бул нерсе бара-бара элдин нааразылыгын күчөтөт. “Коопсуз шаар” деп аталган соң, атына заты жоп бериши керек. Мисалы, көчөдө бир баштык жатса, анда убагында фикцасия кылып, тиешелүү талап менен.  Мен министр болуп турганда Бишкек ШИИББнин жетекчисин бир нече өлкөнүн шаарына дал ушул “Коопсуз шаар” кандай ишке ашып жатканын көрүп, иликтеп келүүгө жөнөткөм. Мисалы, 5-6 миллион эли бар Анкара шаарында 25 миллион доллар менен  ишке ашырышкан. Биз эмне үчүн мынча кымбат жасап жатабыз? Бул жерде баягы эле коррупциялык шек бар.

—Эми Айтматов боюнча учкай кеп кылалы. Сиздин көз караш боюнча 90 жылдык маараке кандай белгиленди жана сиз көтөрүп жаткан Биринчи Май районуна атын берүү демилгеси ишке ашчудайбы?

—Эсиңерде болсо, Айтматовдун ашын Бакиевдер “Дасмияда” эле өткөрүп, ошону менен унутушкан. Быйылкы 90 жылдык мааракеге арналган эскерүү, ар кандай иш-чаралар бир топ эле жогору болду. Бишкекте, Таласта жана башка аймактарда, анан дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө белгиленди. Казактар, түрктөр, орустар, өзбектер, немистер, азербайжандар айтор бир топ өлкө Айтматовдун ысымын чоң көчөлөргө, парктарга берип, айкелдерин тургузушту. Эми мындай улуу иштер дүйнөнүн башка дагы өлкөлөрүндө уланарына ишеним чоң. Бирок эң жаман жери биз борбор шаарыбыздагы бир районго атын бере албай олтурабыз. Айтматовду дүйнөгө уят кылып жарым көчөгө атын берип койдук. Ушул эми урматтагандыкка жатабы? Минтип олтурсак, өзүбүз да жыргабайбыз, башкаларды да жыргатпайбыз. Айтматовдон аянсак, биз жакшылыкты билбеген эле эл болуп калабыз да, туурабы? Бийлик улуу жазуучунун атын районго бериши зарыл.

Булак: Багыт

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here