Чыңгыз Айтматовдун «Жамийла» повести жарык көргөндө аны француз тилине которуп, дүйнөлүк маданияттын чордону болгон Париж шаарынан «сүйүү тууралуу дүйнөдөгү эң сонун баян» деп кыйкырып, аталган чыгарманы жалпы адамзатка окуп чыгуу үчүн сунуш кылган жана кыргыз жазуучусун эл аралык деңгээлге алып чыккан Луи Арагон болгон.

Мына ушул атактуу инсан тууралуу 11 фактыны Абдыкерим Муратов сунуштайт.

Өмүр баянынан бир үзүм. Луи Арагон (Louis Aragon), төрөлгөндөгү ысымы Луи-Мари Андриё 1897-жылы 3-октябрда Париж шаарында жарык дүйнөгө келген. 1982-жылы 24-декабрда ошол эле шаарда каза тапкан. Франциялык акын жана прозаик, Гонкур академиясынын мүчөсү, Француз коммунисттик партиясынын көрүнүктүү ишмери. Луи Арагон 1915-жылы медициналык билимге ээ болуп, биринчи дүйнөлүк согушка санитар катары катышкан. 1919-1924-жылдарда дадаисттер, сюрреалисттер кыймылына мүчө болуп өтөт.

Луи Арагон (1897-1982), французский поэт и прозаик, член Гонкуровской академии; политический деятель коммунистического толка, заместитель председателя Комитета по Международным Сталинским премиям.
Франциялык акын жана прозаик Луи Арагон.

СССР жана Арагон. Ал 1927-жылдан Коммунисттик партиянын катарына өтүп, журналисттик иш менен шугулданат. 1932-жылы августта СССРдин Урал аймагына, Магнитогорск, Челябинск, Кабаковск шаарларына жазуучулардын интернационалисттик бригадасы менен кошо келип, андагы таасирлери тууралуу «Ура, Урал!» деген ырлар түрмөгүн жазат. Экинчи дүйнөлүк согушта адамзаттын тарыхындагы бул окуяны кескин айыптап чыккан. 1953-жылдан 1972-жылга дейре Франциянын компартиясы каржылаган Les Lettres françaises аттуу журналга редактор болуп, совет адабиятын кеңири пропагандалаган. Совет өкмөтү жана Коммунисттик партиясы ага 1957-жылы Элдердин ортосунда тынчтыкты сактоого кошкон салымы үчүн Лениндик сыйлык ыйгарган. Ошондой кадыр-баркына салып СССРде авторитаризмди айыптап, 1966-жылы жазуучулар Синявский жана Даниэлиянын соттук процессине нараазылык билдирген, 1968-жылы советтик аскерлердин Чехословакияга киргизилишине да каршы чыккан, кинорежиссёр Сергей Параджановду бошоткула деп КПСС БКнын генералдык секретары Л.И.Брежневге кайрылуу жасаган. 1962-жылы СССРдин 1917-жылдан 1960-жылга чейинки тарыхы тууралуу китебин жазып чыгарган. СССР аны Октябрь революциясы (1972), «Эл достугу» (1977) ордендери менен сыйлаган. Анын ондон ашык роман китеби, ондон ашык ырлар жыйнагы жарык көргөн, алардын дээрлик көпчүлүгү орус тилине которулган.

Аялы Эльза айым тууралуу сөз. Эльза Триоле, төрөлгөндөгү аты-жөнү Элла Юрьевна Каган (1896-1970), улуту еврей. Москвада туулган. 1918-жылы француз офицери Андре Триолеге турмушка чыгып, анын фамилиясын алган, 1922-жылдан адабий ишмердүүлүгүн баштаган. 1928-жылы Луи Арагонго баш кошот. Эльза Парижге келген В.В.Маяковскийге котормочу болуп жүрүп, Арагон менен таанышат. Эльза Триоле Маяковский, Шкловский, Чехов, Хлебников, Цветаева ж.б. орус акын-жазуучуларынын чыгармаларын француз тилине которгон, «Орус поэзиясынын антологиясын» французча чыгарган.

Эльзанын укмуш көздөрү. Луи Арагондун аялынын көздөрү ушунчалык сулуу жана сүйкүмдүү болгон, адамдарды бир кароо менен өзүнө багындарып алган, Луи Арагон ошол көздөр тууралуу поэма жазса, Анри Матисс деген сүрөтчү «Эльзанын көздөрү» аттуу картинасын тартат.

Айтматовду Луи Арагонго казак жазуучусу Мухтар Ауэзов тааныштырган эмес. Кезегинде Ауэзов жаш кыргыз жазуучусун Луи Арагон менен тааныштырып, «Жамийланы» которуу тапшырмасын берген деп жүрүшкөн. Бирок Айтматов мындай эместигин Бишкектин «Вефа борборунда» өткөн «Тоолор кулаганда» («Түбөлүк колукту») романынын түрк тилинде чыгышынын бет ачарында айткан жана ал сөзү «Диалогдун жарчысы — Чыңгыз Айтматов» (2013) деген китепте берилет.«Жамийланы» француз тилине которгон. Айтматовдун повести «Новый мир» журналынын 1958-жылдын август айындагы санына басылат, Ауэзов 1958-жылы 23-октябрдагы «Литературная газетага» чыгарма тууралуу «В добрый путь» деген макаласын чыгарат. Кийин Арагондун повесть тууралуу макаласы орус тилинде «Культура и жизнь» журналынын 1959-жылдагы №7 санына басылат. Повестти Луи Арагон француз тилине которуп, анын кириш сөзүн «Дүйнөдөгү махабат тууралуу эң сонун баян» деп атап, «Жамийланы» 1959-жылы Парижден басып чыгарган. Дал ушул окуя Айтматовго дүйнө адабиятынын эшигин ачат.

Айтматов жана Арагон. Кыргыз жазуучусу 2006-жылы «Новые известия» гезитинин кабарчысы Веста Боровиковага берген маегинде мындай дейт: «Парижде улуу француз акыны Луи Арагон менен жолугуу мен үчүн чоң окуя болуп калды. Ал мага чоң көңүл бөлүп, «Жамийла» повестимди өзү которду… Анын «Жамийланы» которушу жана китептин Францияда басылышы менен менин чет өлкөлүк журналдарга болгон жолум башталбадыбы». Айтматов аны ар кандай талкалоолордон аман алып калган жана дүйнөлүк алкакка чыгарган Луи Арагон экенин ар дайым айтып келет. Арагон «Жамийланы» Шекспирдин «Ромео менен Джульеттасына» салыштырат.

Луи Арагон «Жамийладан» өз тагдырын көргөн. Күйөөсү согушка кетип, ана-мына келет деп жатканда капысынан сүйүү келип, келгенде да катуу келип, үй-бүлөлүү келин али үйлөнө элек жигит менен казак талааларын көздөй кол кармашып кетип калгандай, Луи Арагон менен Эльза Триоле да «адашкан үй-бүлө» куруудан бошонуп, ушундай керемет сүйүүнү баштан өткөргөн. Повестти балким экөө биргелешип которгон да, бир гана кишинин котормосу делип калгандыр. Арагон Эльзага окшоп профессионал болгон эмес.

Луи Арагондун макаласы кыргызча чыкпай келди. Кыргыз коомчулугу француз жазуучусунун атактуу макаласын которууга батынбаптыр. Бери болгондо 60 жылга жакын убакыт муну эч ким колго алган эмес. 2014-жылы гана адабиятчы Абибилла Пазылов бул макаланы которуп, «Жаңы Ордо» гезитине жарыялаган.

Булак:sputnik.kg