Акылбек мырза, дагы бир коомчулукту таӊгалдырган кызык маалыматты айтсак Кыргызстанда жашоо минимуму бир айга 5000 сомго жетпеген акча болот экен. Бул сумма кайдан чыккан?

 —Бул жашоо минимумун биз квартал сайын чыгарабыз. Бул адамды  камсыздоочу азык-түлүк жана азык-түлүк эмес товарлардын кызматтарынын баасынын негизинде чыгат. Мисалы үчүн, ошол сиз айтып жаткан жашоо минимуму 2017- жылы 4900 сом болгон. Бул эми жалпак тил менен айтканда ар бир адамдын өзүнүн жеп аткан тамак-ашынын баасына жараша болот. Мисалы, сырттан ташылып келинген товарлардын баасы көтөрүлүп кеткенде жашоо минимунун баасы да жогорулайт. Эгерде азык-түлүк жана азык-түлүк эмес товарлардын баасы базарларда арзандаса анда жашоо минимунун да баасы төмөндөйт. 2018-жылдын 3-кварталы боюнча, бул көрсөткүч: 4654 сом болуп жатат. Анын ичинен жумушка жарактуулардыкы өзүнчө эсептелинет. Алардыкы 5203 сом болуп жатат. Эркектердики өзүнчө эсептелгендиктен 5319 сом болсо, аялдардыкы 5149 сом болуп жатат. Булардан тышкары пенсия курагындагылардыкы да өзүнчө эсептелгенде алардыкы 4154 сом. Балдардыкы  төрөлгөндөн тарта 17 жашка чейин эсептелгенде орточо суммасы  3955 сом болуп жатат. Бирок 7 жашка чейинки балдардыкы өзүнчө эсептелгенде 3512 сом болсо, 7 жаштан 14 жашка чейинкилердики 4109 сом, 14 жаштан 17 жашка чейин 4477 сом.

—Эми алдыӊызда расмий маалымат турбайбы. Бир адам 5000 сомго кандай азык-түлүктөрдү жегенге болот экен?

 —Бул жерде бир адамга азык-түлүк товарларына 3025 сом эсептелген. Нан азыктары 456 сом 50 тыйын, картошка 84 сом 95 тыйын, жашылча 182 сом 58 тыйын, жер-жемиштер 395 сом, сүт азыктары 584 сом, эт 934 сом, балык 69 сом, жумуртка 107 сом, кант 77 сом, өсүмдүк майы 79 сом, туз 3 сом 12 тыйын, чай 48 сом 97 тыйын болуп жатат. Ал эми азык-түлүк эмес товарларга 744 сом эсептелип жатат. Анын ичинен: кызмат акысы барына 791 сом, салыгына 93 сом 10 тыйын эсептелген.

— Сурамжылоолордо  аттуу-баштуу адамдар: “5000 сом бир жашоо — бул жомок”  деп ийин куушуруп тим болушту. Бир айга сиз өзүӊүз 5 миӊ сомго жашай аласызбы?

 —Жеке өзүм үнөмдөп жашашым мүмкүн. Эми ар айдыкы ар кандай болот да.  Ал эми үй-бүлөмдү кошкондо жетпей калат. А, бирок үй-бүлөгө да ушундай суммалар бөлүнөт да.

—Эми сиз жетектеген комитеттин ички көйгөйлөрүнө токтолсоңуз…

 —Мамлекеттен алып жаткан бюджетибиз чоң деп айта албайбыз. Биздин жамаат 1000 адамдын тегерегинде. Анын 860ы  мамлекеттик кызматкерлер болуп эсептелинет. Машиналарыбыздын майына каралат. Мындан башка деле артыкчылыктар жок. Мурун арткан акчаны кызматкерлерге премия катары берип келгенбиз. Бирок мурунку өкмөт башчы аны да кыскартып кеткен. Биздин мекеменин чоң көйгөйү – бул имаратыбыздын эскилиги, ремонттун жоктугу болуп жатат.  Имараттын салынганына 50 жылдан ашты. Ошондон бери  бул имаратты оңдоого  бир сом да каралган эмес. Ремонтко акча сурай берип  чарчадык десек болот. Мындан тышкары, мебелдерибиздин да эскилиги жетти. Бул боюнча да көп кайрылуу кылып жатабыз.  Эмки жылкыга 5 миллион сом капиталдык ремонтко, 1 миллион сом  мебелдерди жаңыртууга карап жатышат. Жыл сайын ушинтип аз- аздан болсо да бөлүп турса,  акырындык менен  бир топ  жаңыртып алат элек. Биз башка мекемелер сыяктуу эле Эл аралык уюмдар менен иштешип, алардан жардам алганга аракет кылып келатабыз. Бирок алар курулуш иштерине оңой менен  акча беришпейт. Биз суранып жатып,  бир аз каражат алып, Бишкек шаардык  статистика башкармалыгын жетишинче оңдоп түзөдүк. Гранттын эсебинен  536  компьютер алып, региондорго 2-3төн кылып тараттык.

    Маектешкен:  Айбек ШАМШЫКЕЕВ