Кыргызстандык  мушкер Валентина Шевченко спорттун эрежесиз мушташ (UFC) түрү боюнча чемпион болду. Чемпиондук титул үчүн беттеш Канадада өтүп, Шевченко польшалык Йоанна Ежейчик менен беттешип,  беш раундда Шевченко  атаандашын жеӊип алды. Эске сала кетсек, бул беттеш Шевченконун спорттук карьерасында абройлуу спорттун эрежесиз мушташ (UFC) түрү боюнча алгачкы чемпиондук титулу болуп калды. Валентина Шевченко эмки жылы отузка чыгат. Көп жылдан бери Перуда машыгып, жашап келет. Ал мелтештерге дайым Кыргызстандын жана  Перунун желектерин көтөрүп чыгат.​

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here