Транспорт жана жолдор министринин Ж.А. аттуу орун басары 50 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Коррупцияга каршы күрөш кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, министрдин орун басары акчаны өлкө аймагындагы курулуп жаткан жол боюнча тендерге катышкан чет элдик компаниянын өкүлдөрүнөн пара катары алган. Кармалган министрдин орун басары бул тендердик комиссиянын төрагасы болгон.

Чет элдик компаниянын кызыкчылыгын коргоо жалпысынан 520 миң долларга бааланган. Андан мурда кылмышка шектүү министрдин орун басары ортомчулар аркылуу 120 миң доллар алганын УКМК билдирүүдө. Ортомчу катары анын туугандары чыккан.

Ал эми калган паранын суммасын кийинки жумаларда алмак.

Учурда кылмышка шектүү УКМКнын тергөө абагында камакка алынды. Тергөө уланууда.

Кармалган адам транспорт жана жолдор министринин орун басары Азимкан Жусубалиев . Ал бул кызматка 2017-жылдын февраль айында дайындалып, жол тармагына жооптуу болуп келген.Картинки по запросу азимкан жусубалиев

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here