Эсеналиев Күрүчбек

Белгилүү болгондой быйыл мамлекеттик ишмер Султан Ибраимовдун 90 жылдык мааракеси  жакында эле улуттук филармонияда президент Жээнбековдун катышуусунда өттү. Ал  1927-жылы Чүй районунун Алчалу районунда туулган.

Эмгек жолун 1955 – жылы жөнөкөй кызматкер болуудан баштаган. 1961-1966-жылдары Айыл чарба министри, андан кийин ЦК Компартияда, 1968-1978-жылдары Ош обкомунун биринчи катчысы, 1978-1980-жылдары премьер-министр болуп иштеген. 1980-жылдын 4-декабрында аны Чолпон-Атадагы резиденцияда белгисиз бирөөлөр атып кеткен. Мамлекеттик ишмерди аткан адам табылганы менен, кимдер тарабынан өлтүрүлгөнү эмдигиче сыр бойдон калып келет.

Ибраимовдун өлүмүнүн сыры чоң жамаат менен  узакка иликтенген. Ал иликтөөчү топтун башында ошол кездеги СССРдин КГБсынын  жетекчисинин орун басары Филипп Бобков турган. Бирок ошончо чоң жамаат иликтегени менен Ибраимовдун өлүмүнүн негизги сыры ачылган эмес. Ошондой эле анын өлүмүнүн чоо-жайы, тергөөнүн толук жыйынтыгы коомчулукка толук маалымдалган эмес. Биз ушул маселени ачыктоо үчүн  Эсеналиев Күрүчбек Касмалиевич менен кеңири баарлаштык. Себеби, Күрүчбек агабыз Ибраимовдун өлүмүн ошол атып кеткен алгачкы мүнөттөрдөн тартып  иликтеген  бирден-бир тергөөчү. Кааарманыбыз  Кыргызстанда  прокуратура  тармагында  эң көп жыл иштеген, бай тажрыйбалуу адамдардын бири. Анын иш тажрыйбасы 40 жылга   жакындайт.

(Башы: Султан Ибраимовдун сырдуу өлүмү.  Прокурор Эсеналиев Күрүчбектин иликтөөсү... ) 

 “Уктап жатканда мылтыкты башына такап туруп аткан”

 —Анан бир бөлмөнүн эшигинин туткасын колума кагаз кармап ачтым, себеби  туткада  колумдун изи  калбасын деп ойлодум.  “Кайсы бир эшиктен чыга калып мени да атып салабы?” — деген ойлор кетти. Бөлмөгө кирсем  баягы “Чайка” токтоп турган тарабында полдун үстүндө айдоочу Юрий Вольфтун сөөгү жаткан экен. Байкуштун үстүн жаап коюшуптур.  Кылмышкер айдоочуну желкеге атканда ок оӊ көзүнүн үстүндөгү кашка келип токтоп калган экен. Экинчи кабатка барсак гезит-журнал коюлчу столдун үстүндө “Чалкан” журнал жатыптыр. Сол жак бурчтагы  уктоочу бөлмөдө Ибраимовдун  аялы небереси менен жатса, ал эми чыгыш тараптагы бөлмөдө   Ибраимов өзү жалгыз эле жатыптыр.

Бул эки уктоочу бөлмөнүн   ортосунда дагы эки  уктоочу бөлмө бар экен. Эч нерсе угулбайт да.

—Султан Ибраимовдун аялы каргашалуу окуяга чейин кылмышкерди көрүптүрбү? 

—Аялынын айтымына караганда ал жаткан бөлмөдө түн ортосунда столдордун кычыраганы угулуптур. “Ай, Султан, эмнеге уктабай жүрөсүӊ? Түн ортосу болбодубу”-деп ал киши айткан экен. Ошондо тиги кылмышкер эшикти такылдатып “Я не Султан. Выйдите!”-деген экен. Эми элестетип көрбөйсүӊбү. Совминдин төрагасы жайгашкан резиденцияда анын аялы эс алып жаткан бөлмөгө жети түндө бейтааныш эркектин үнү угулганын. “ Я сейчас!”-деп эси чыккан аял халатын кийип коридорго чыкса чыкса тиги кылмышкер гезит-журнал коюлган столдун жанындагы креслодо чалкалап отуруптур. Колунда болсо  “Белка” үлгүсүндөгү мылтык бар экен. Ал кылмышкер: “Кожоюнга айт, бизге уруксат берсин. Айдоочусу экөөбүз азыр Фрунзеге кетишибиз керек… Ал жакка таӊ атканча жетишибиз керек!”-деп айтыптыр. Султан Ибраимовдун аялы: “Эмне болгон уруксат?”-деп шашкалактап айласы кетип, эсин жоготуп туруп калганда,  тиги кылмышкер шашпай ордунан туруп биринчи кабатка түшүп кеткен экен.

“Ибраимов менен Коӊуратовду аткан адам экөөнүн теӊ аялына жолугуп…”

 —Ушинтип,  көзүнө көрүнүп жатпайбы. Мына ушул жерден айта кетейин, ал киши өлтүргүч совминге чейин Коӊуратов Саалыны аткан дебедикпи. Аткандан кийин Саалынын үйүнүн жанынан аялына да көрүнгөн. Эшиктин алдына келип жүрбөгөн машинага олтуруп алган. Саалынын аялы аны көрүп, басып келип: “Саалы үйгө кирбейсиӊби, эмне олтурасыӊ”- деп сүйлөп оозун жыйгыча,  колунда мылтыгы бар башка адам экенин байкап калат. Тиги адам андан машинанын ачкычын сурайт. Аял бул машина бузук экенин айтканда акырын гана кетип калган.

Киши өлтүргүч кетип калгандан кийин аял күйөөсү жаткан бөлмөгө кирсе Султан Ибраимов эчак эле өлтүрүлгөн экен.  Кийин карасак,  уктап жатканда кирип келип мылтыкты башына такап туруп бир эле жолу аткан. Кичине кыймылдаганга да жараган эмес. Башынан аккан кан 4-5 сантиметр агып барып, токтоп  калган экен.

Аялынын эси чыгып, кыйкырып  милиция бөлүмүнө чала тура болгондо эч бир телефон иштебептир. Андан тышкары “тревога” бере турган аппарат да иштен чыгыптыр. Айласы кетип сыртка чыгып исполкомдун төрагалары, райкомдун секретарлары эс алган төрт кабат санаторийге барып тиешелүү жерлерге телефон чалгандан кийин гана келишиптир. Ошентип, ызы-чуу болуп иликтөө, киши өлтүргүчтү издөө башталды.

                              200дөн ашун адам иликтедик…

 —Иликтөө канча убакытка созулду?

 —Бир жылга чейин  созулду да. Прокуратурадан эле 11 адам иликтеп баштадык. Кыргызстандан, Россиядан, Казакстандан, Өзбекстандан да тергөөчү, прокурорлор келишти. ИИМ, КГБда да бар. Коргоо министринен саперлор, иши кылып айтпа, баары эле келишти. Бул кылмышты иликтегендердин саны 200дөн ашты.  Штаб түзүлдү. Начальниги Абрамов деген болду. Ал киши СССРдин КГБсын 14 жыл башкарган Крючковдун биринчи орун басары болуп иштеген тажрыйбалуу адам болчу. Биздин КГБнын ана башчысы (14 жыл жетекчи болгон) Ломов, Башкы прокурор Демичов, ИИМ министри, айтор киши калган жок. Биз резиденциядагы акын-жазуучулардын, райкомсекратарлардын баарын  чыгарып, баарын тыкыр текшерип чыктык. Москвадан болсо КГБнын жетекчисинин биринчи орун басары  генерал Филипп Бобков  жалпысынан көз салып, бул ишке жооптуу болуп турду.

Биринчи атылган Коӊуратов Саалынын аялынын эмчекте баласы бар экен. Аны генерал Любимов  экөөбүз тынымсыз 17 саат сурадык.  Сиӊдисин бала карашканга деп  кошо ала келген болчу. Эки саат сайын  баласын эмизип турду.  Мен бизди жетектеп жаткан генералга котормочу болуп жанында олтуруп, ал кишинин жашы да өтүп калгандыктан кулагы да катуу экен, өзүм да аялдан улам сурап коём. Түшүнбөй калган  жерин  которуп берем. Ал генерал сураганда төрөлгөндөн баштап, бүт калтырбай сурайт экен. Бүт таанышын, кантип турмушка чыкканын, кантип жашаганын бүт ийне-жибине чейин сурады. Андан деле жакшы жыйынтык чыккан жок.

—Шектүү адамды табыш абдан кыйын болгон экен да…

  —Шектүү киши жок, из да билинбейт, иши  кылып эле издеп, иликтеген болуп жүрөбүз. Көрүнгөндү кармап сурагандар да болду.  Шарт болсо жакшы. Күнүгө 3 маал тамак берет. Жаткан жер жакшы дегендей.  Иликтөөнүн жыйынтыгында Чолпон-Атанын элинен мыйзамсыз сактап жүрүшкөн  300-400 ар кандай мылтыктар алынды. Бир жолу бирөөлөр телефон чалып: “Ибраимовду аткандар Семенов капчыгайында жүрүшөт”- деп айтып коюшуптур. Убап-чубап,  көпчүлүгүбүз ал жакты да тинттик да. Жалган эле билдирүү да, болгону убара болуп кайттык.

Бир күнү Ломов 11 прокурорду чогултуп, иштин жыйынтыгын сурады. Сураганда баарыныкы эле окшош. Баланча киши сурадым деп жатышты. Кезек мага келгенде, бир жактан бирөө: “Эсеналиев кылмыш болгондо биринчи ошол жерге барган жергиликтүү тергөөчү” – деп айтып койду. Аны укканда Ломов, Демичевдер пальтолорун чечип, оӊдонуп-түздөнүп кулак төшөп калышты, алар мен эл айтпаганды  айтып берет деп ойлошту окшойт.   Маркум Коӊуратов Саалынын кайын атасы Булгаков Мамыш мурун кызматта жүргөн адам болчу.  Ибраимовду аткан кезде пенсияга чыгып, резиденцияда кароолчу болуп иштеп жаткан.

Мен сөздү ушул өӊүттө баштап: “Ибраимовду аткан киши биринчи Коӊуратовду эмнеге атты? Балким ал бир нерсе билген окшойт. Ал резиденцияга киргенге мүмкүнчүлүгү болгон. Себеби, кайын атасы мына ошол жерде иштеп жаткан”- десем, Ломов: “Бул жолдошту суракка алыш керек, окшойт”- деп чыкты. Ошондо Демичев тура калып: “Кантип сурайбыз? Бул окуя болгондо биринчи ошол жерге барган тергөөчү. Калгандары мунун тобунда иштеп жатат. Бул эмне күбө болуп бере алабы?” – деп коргоп чыкты. Мени ошол жыйындан кийин мага: “Бул чакырса бар, бирок ашыкча сүйлөбө” – деп дагы көп нерселерди айтып, катуу эскертишти.

—Кылмышкер кантип табылды? Кайсы иштен улам?

 —Негизги  шек көптө  чыкты. Кийин экспертизанын жыйынтыгында Коӊуратов Саалыга,  айдоочу Юрий  Вольфко, Султан Ибраимовго тийген ок бир мылтыктын чыкканы аныкталды да. Ошол мылтык Чолпон-Атадан бир көпүрөнүн алдынан табылды. Ошол жакка катып койгон экен.  Ибраимовду 1980-жылдын 3-декабрынан  4-декабрына караган түнкү саат  2-3төрдө атып жатпайбы. Ошол окуядан кийин эле “Куйбышев шаарынан поездде баратып, бир жаш жигит галстугуна асылып каза болуптур” деген маалымат  гезитке чыккан. Анын асылганын эч ким көргөн эмес. Эч ким менен мушташкан эмес. Ошонун негизинде да иликтөө болду. Ал Смагин Александр деген  жаш жигит экен. Чолпон-Атадагы атасынын үйү текшерилди. Сүрөттөрүн таптык. Анан атасынан шек санап камакка алынган.  Бирок анда атасы эч нерсени айтпай койгон. Баласы атасына: “Я председателя убрал” деп айтыптыр. Ошол сөздү башында айтпай  атасы кийин айтып берди. Анан баласы 5-декабрь күнү Орусияга поезд менен кетип калган. Фрунзе –Москва каттамындагы поезд менен кетип баратып, 8-декабрда Куйбышев шаарына жеткенде  жанагинтип сырдуу жагдайда каза болуптур. Анын өлүгүн Жетиген Таштанов деген тергөөчү алып келди эле…

Ибраимовду өлтүргөн Смагин Александр жөнүндө…

 —Биз Смагин Александрдын  булгаары күрмө кийип, кара көз айнекти тагынып, оозуна бычак тиштеп, эки колуна эки мылтык кармап Чолпон-Атанын тоолорунан түшкөн сүрөттөрүн көрдүк. Анын чоӊ атасы 1917-жылы совет бийлиги орноп жатканда, Чолпон-Атага келип туруп калыптыр. Ошол кезде Чолпон-Атада жалпак 10-15 эле үй бар экенин эски картадан көрдүк.  Апасы жок, атасы болсо  Ысык-Көлдөн Орусияга  “Волгасы” менен  алма алып барып сатчу. Баласы №1-көзгө атар мерген болуптур. Өзү орусча айтканда “дерзкий” жигит болгон. Чолпон-Атанын комсомол комитетинде иштеген. Ресторандарда олтурганда тамак ташыган официанттардын вилка, же кашыктары түшүп кетсе, аларга мурду менен бир тийип, жаакка да чаап жиберчү экен. Ал жигит атасынын машинасын ичип алып эле айдай берчү. МАИ кызматкерлери тоссо шатырата сөгүп жүргөнүн да уктук. Александр Ибраимовду аткан кезде  Москвадагы  “пищевой промышленности” институтунда 3-курста сырттан окуп жатыптыр. Смагиндин мүрзөсүн эки-үч айдан кийин  ачып, эксгумация кылдык. Себеби, анын дарыгерлер шектенген оорусун текшерүү керек болду да. Атасы баласынын кылмышын жаап-жашырып койгону үчүн 5 жыл кесилди.

—Александр Смагинди ким жалдаган? Негизги буйрутмачыда табылбай калды да…

 —Ооба. Бул боюнча эч кандай шек жок болуп калды. Негизи Смагинди бирөөлөр жалдаган да. Ал өзү эч качан Ибраимовду атмак эмес. Буга негиз да жок эле. Тааныш болгон эмес, кол алдында иштеген эмес. Кийин дагы ачыкка чыкпадыбы. Смагиндин үйүнөн табылган тетрадда: «Я буду убивать киргизов, где бы они мне не попались» — деп өз колу менен жазган жазуу табылган.

—Смагин поездде өзү эле асылып калган жок да. Аны Ибраимовду өлтүрүүгө буйрутма бергендер көзүн тазалашы толук мүмкүн да…

 —Туура. Бирок, андай ой көпчүлүктө болгону менен далил жок да. Эгер тирүү кармалса, кандай болгондо да буйрутмачы ким экенин айттырып алышмак да. Ушундан да кооптонуп, көзүн тазалап коюшу мүмкүн.

Биз 11 ай ушул ишти иликтеп жүрдүк. Аягында Смагин атты, мылтык ошонуку болуп, иш жабылды. Кандай болгон күндө да чыныгы буйрутмачыдан шек –шыбыр чыкпай калды. Негизи ошондо бир ката кетти да. Ибраимов атылган учурдан тартып Ысык-Көлдү үч күн толук тосуп, киши киргизбей, чыгарбай тыкыр иликтөө болгондо, Смагин балким ошондо эле кармалмак. ..

 Маектешкен: Айбек ШАМШЫКЕЕВ

                                                                                   

    

 

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here