Белгилүү болгондой быйыл мамлекеттик ишмер Султан Ибраимовдун 90 жылдык мааракеси  жакында эле улуттук филармонияда президент Жээнбековдун катышуусунда өттү. Ал  1927-жылы Чүй районунун Алчалу районунда туулган. Эмгек жолун 1955 – жылы жөнөкөй кызматкер болуудан баштаган. 1961-1966-жылдары Айыл чарба министри, андан кийин ЦК Компартияда, 1968-1978-жылдары Ош обкомунун биринчи катчысы, 1978-1980-жылдары премьер-министр болуп иштеген. 1980-жылдын 4-декабрында аны Чолпон-Атадагы резиденцияда белгисиз бирөөлөр атып кеткен. Мамлекеттик ишмерди аткан адам табылганы менен, кимдер тарабынан өлтүрүлгөнү эмдигиче сыр бойдон калып келет.

Эсеналиев Күрүчбек

Ибраимовдун өлүмүнүн сыры чоң жамаат менен  узакка иликтенген. Ал иликтөөчү топтун башында ошол кездеги СССРдин КГБсынын  жетекчисинин орун басары Филипп Бобков турган. Бирок ошончо чоң жамаат иликтегени менен Ибраимовдун өлүмүнүн негизги сыры ачылган эмес. Ошондой эле анын өлүмүнүн чоо-жайы, тергөөнүн толук жыйынтыгы коомчулукка толук маалымдалган эмес.

Биз ушул маселени ачыктоо үчүн  Эсеналиев Күрүчбек Касмалиевич менен кеңири баарлаштык. Себеби, Күрүчбек агабыз Ибраимовдун өлүмүн ошол атып кеткен алгачкы мүнөттөрдөн тартып  иликтеген  бирден-бир тергөөчү. Кааарманыбыз  Кыргызстанда  прокуратура  тармагында  эң көп жыл иштеген, бай тажыйрбалуу адамдардын бири. Анын иш тажрыйбасы 40 жылга   жакындайт.

Эмесе, төмөндө айтылуу мамлекеттик ишмердин өлүмүнүн сырын, чоо-жайын бирге окуйлу.

                         Коңуратов Саалы нын өлүмү…

-Күрүчбек байке, Султан Ибраимовдун өлүмүн иликтөөгө кандайча катышып калгансыз?

—1980-жылы мен Чолпон-Ата шаарындагы Ысык-Көл райондук  прокуратурада тергөөчү болуп  иштеп жаткам. 1978-жылы окууну бүтүп, иштегениме эки жыл болуп калган. 1980-жылы 3-декабрда түнкү саат 11лерде нөөмөт бөлүмүнүн башчысы чалды. “Эсеналиев чык! Чолпон-Атанын борборунан бирөөнү атып кетиптир! -деп. Ошондо менден сырткары “Тез жардамдын” кызматкерлери, прокурор, райондук милициянын башчысы чыгышты. Коӊуратов Саалы деген  Бостери тараптагы “Орбита” пансионатында  күзөтчүлөрдүн бригадири бар болчу. Анын үйү пансионат, музей жайгашкан борбордук көчөдө экен. Көрсө, ошол  Саалыны атып кетишиптир.Окуя мындайча болуптур.   Анын жанында орус улутундагы формачан эки  милиция  туруптур.   Бирөөсүнүн пистолетинде эки магазини менен 16 ок бар экен. Ошондо экөө  “Жигули” менен жүрүшүптүр.   Милициялардын айтуусу боюнча үчөө көчөдө сүйлөшүп турганда бир маалда октун үнү жаӊырыптыр. Бирөөсү балдар таш мылтык менен ойноп жүрүшсө керек деп ойлойт. Экинчисине үн жолдун берки тарабынан жаӊыргандай сезилет. Үчүнчүсү болсо музейдин артындагы бак жактан чыкты деп божомолдойт. Үчөө музейдин тегерегин карашса эч ким көрүнбөптүр. “Ойногон балдар эле болсо керек” деп үчөө теӊ ойлошот.  Үчөө баягы башында сүйлөшүп турган жерден Саалы эки милиция менен коштошуп алып үйүнө жөнөйт. Ал жерден Саалынын үйүнө чейинки аралык 18 метр экен. Саалы кетип баратканда 9 метр аралыктан кийин эле экинчи октун үнү жаӊырат. “Бакыт!” деп  6-класста окуган уулунун атын атап кыйкырган Саалы ошол жерге жыгылат. Анын жыгылганын көрүп коркушкан милициялар  “Жигулиге” түшө качып райондук милициянын нөөмөт бөлүмүнө келип каргашалуу окуя тууралуу билдиришиптир.  “Тез жардам” келгиче тиги киши өлүп калыптыр. Биринчи ок моюнду аралап жүлүнгө жетпептир. Экспертизадан ошондой жыйынтык чыкты. Кылмышкер аны тирүү калбасын деп дагы бир жолу атса керек. Экинчи ок сол кулагынын түбүнө тийиптир.

“Атылган ок, экөөбүздүн бирөөбүзгө тиймек…”

—Силер алгач экспертиза жүргүзө баштаганда эмнени байкадыӊар?

Райондук милициянын ошол кездеги башчысы жердиги  чүйлүк Чоюнбек Сагымбаев, Сергей деген эксперт-криминалист  болуп баарыбыз музейдин айланасын карай баштадык.  Убакыт түнкү саат 1ге жакындап калса керек. Сергей экөөбүздө фонарик бар болчу. Ошондо биз таӊкалыштуу көрүнүшкө күбө болдук. Жаандын суусу бир аз алысыраак  аксын деп музейдин түбүндөгү жерди кыйшайтып цементтейт эмеспи. Ошол жерден берирээк  “Белканын” гильзасы тикесинен туруп калыптыр. Аны киши кол менен койсо турбайт. Теӊ салмакты сактамайынча. Биз экспертиза жасап өзүбүздүн ишибизди кылып жаткан учурда Сергей экөөбүздүн үстүбүздөн октор чуулдай баштады. Мээлебей эле атса керек,  эгер мээлесе экөөбүздүн бирөөбүзгө тиймек…

Экөөбүздүн теӊ үрөйүбүз учуп алдастап калдык. Кыштын күнү болгондуктан октун үнү бизге көчөнүн ары жагындагы нан сатылган дүкөн тараптан жаӊыргандай сезилди. Ошол учурда Чоюнбек Сагымбаев:  “Ким формасыз жүргөн болсо алга!”-деп караӊгы бакты көздөй чуркабадыбы. Эр жүрөктүүлүгүн карабайсыӊбы. Ал кишинин артынан кылмыш иликтөө бөлүмүнүн башчысы, милициянын капитаны Жансеркеев деген эр-азамат жөнөдү. Ошентип,бизге нөөмөт бөлүмүнөн “Өрнөктүн ары жагында, Тамчынын бери жагында жол кырсыгы болуп онго жакын киши өлдү. Тезирээк жөнөгүлө!”-деген кабар келди. Экспертиза кылып жаткандардан башкасынын баары ошол жакка жөнөштү. Алар барышса жол кырсыгы деле болбоптур…

—Ошол түнү эле окуянын түйүнү чечилдиби?

 

—Кайдан  тез эле чечиле калсын.  Милиция кызматкерлери жолдон ары-бери өтүшкөн жаштарды суракка алып жатышты. Биз толук экспертиза жасагыча түнкү саат 2ге жакындап калды. Төлөн Мамбетов деген прокурор бар болчу. Төлөн Абдыкеримович ошондо мага: “Эртеӊ эрте тургун да келгин. Балээ болду. Бул жөн окуя эмес”-деди кыжалат болгонсуп.  Анан үйүмө кеттим. Менин үйүм райондук милиция бөлүмүнөн  үч чакырым аралыкта жайгашкан 3- кичирайондо эле. Үйгө барып уктай элек болчумун. Түнкү саат 3төрдө мага нөөмөт бөлүмүнөн Ашырбеков деген майор телефон чалып:  “Эсеналиев ылдам чык! Совминдин төрагасы  Султан Ибраимовду резиденциядан атып кетиптир!”-деди. Машина жибериӊиз”-деп өтүнсөм машиналардын бирөөсү да бош эмес экенин айтты. Акырында ал майор  “чыксаӊ чык, мен сага бир ооз айттым” деп трубканы коюп салды. Ошондо ыраматылык байкем үйдө болчу.   “Барбай эле койбойсуӊбу!”-дегенде ага жашырбай ачык айтсам жеӊем:  “Кокустук болбосун.Чыкпай эле койбойсуӊбу?!”-дейт.  “Байке, барбасам болбойт. Анда биринчи мени камайт”-деп үйдөн караӊгыда жөө жөнөдүм. Колумда дипломат менен фотоаппарат бар эле. Жолдо коркуп баратам, “аткан киши качып келатып мени атып салбаса экен” деп ичимден ойлонуп.  Көргөндөр интеллегент  экен деп ойлосун деп, көкүрөктү ачып, галстукту көрүнгүдөй кылып койдум.   Андай учурда жолдон машина да токтобойт  экен. Бир, эки машина токтобой өтүп кетти. Бир маалда жолдо   автобус келатканын байкап калдым. Тойдон келатышканбы, айтор ичи толтура киши экен. Кол көтөрсөм токтоп калды. Эшикти ачып айдоочуга иштин жайын  айтып  түшүп алдым. РОВДнын жанына келип түшүп калдым. Сыртта жүк тарткан машина токтоп туруптур. РОВДнын ичине кирсем жалгыз эле майор Ашырбеков калыптыр. КГБдан, МВДдан, УВДдан, прокуратурадан чалынган телефондорго жооп бергенге жетише албай жаткан экен. Ал мага прокурор өзүнүн иш бөлмөсүндө күтүп жатканын айтты. А мен ошол замат сыртка чыгып “ГАЗ-51ди” айдатып  алып прокурор Мамбетовго жетип бардым.  Мамбетов  ошондо борборго телефон улам-улам чалып Башкы прокурор Демичев менен байланышып болгон окуя тууралуу маалымат берди. Башкы прокурор эртеӊ менен борбордон самолёт менен таӊ атканда чыгарын, бул жактагылар экспертиза кылуу үчүн даяр болуп туруусун эскерткен экен.  Ошентип, прокурорго жолугуп алып резиденцияга жөнөдүм.

—Сөзүӊүзгө аралжы. Мамбетов сизди резиденцияга жөнөтүп жатканда кандай тапшырма берди эле?

—Санаторийдин директору Хандогин, КГБнын өкүлү Иванов күтүп жатканын айтты. Резиденциядагы биринчи постко жеткенде ал жердеги күзөтчүгө кызматтык күбөлүгүмдү көрсөттүм. Анан айдоочуну кетирип жибергениме өкүндүм. Анткени эмнегедир көзүмө өлүм элестеп корко баштадым. Жан деген ушунчалык таттуу экен. Тим эле колумдагы дипломатты ыргытып жибергим келди. “Минтип кычырагандан көрө жонума эски фуфайка, бутума өтүк кийип короо шыпыргычка окшоп эле алсам болмок экен”-деп ичимден сарсанаа болдум. Эгер кылмышкер ошол учурда бактын арасында болгондо мени оӊой эле атып салмак да. Калтырап отуруп эптеп резиденцияга жетсем милициялар барып калыптыр. Резиденциянын батыш тарабында Султан Ибраимовду ташыган “Чайка” токтоп туруптур.  Резиденцияга кирсем Хандогин менен Иванов бар экен. Алар менин тергөөчү экенимди билишкенден кийин алдыга коё беришти.  Имарат эки кабат болгондуктан ичинде 10-15 бөлмө бар экен.

Ар бир бөлмөнү ачкан сайын тиги кылмышкер күтүүсүздөн чекеге атып салчудай  жаман акыбалда болуп жаттым. “Силер алдыга баскыла!”-деп Хандогин менен Ивановго айтканга эч кудуретим жетпеди. Анан бир бөлмөнүн эшигинин туткасын колума кагаз кармап ачтым, себеби  туткада  колумдун изи  калбасын деп ойлодум.  Бөлмөгө кирсем  баягы “Чайка” токтоп турган тарабында полдун үстүндө айдоочу Юрий Вольфтун сөөгү жаткан экен. Байкуштун үстүн жаап коюшуптур.  Кылмышкер айдоочуну желкеге атканда ок оӊ көзүнүн үстүндөгү кашка келип токтоп калган экен. Экинчи кабатка барсак гезит-журнал коюлчу столдун үстүндө “Чалкан” деген журнал жатыптыр. Сол жак бурчтагы  уктоочу бөлмөдө Ибраимовдун  аялы небереси менен жатса, ал эми чыгыш тараптагы бөлмөдө   Ибраимов өзү жалгыз эле жатыптыр.

(Уландысы бар)

Айбек ШАМШЫКЕЕВ

 

 

1 КОММЕНТАРИЙ

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here