“Манас” аэропортунун башкармалыгынын төрагасы болуп Нурлан Акматов дайындалганы боюнча маалыматты Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун басма сөз кызматы таратты. Бүгүн “Манас” эл аралык аэропортунун директорлор кеңешинин жыйыны болуп, анын жүрүшүндө Нурлан Акматовду башкармалыктын төрагасы кылып дайындоо тууралуу чечим кабыл алынган.

Нурлан Акматов кесиби боюнча экономист жана юрист. Ал буга чейин “Газпром Нефть Азия” ишканасынын директорунун бизнести өнүктүрүү боюнча орун басары болуп иштеп келген. Буга чейин аэропорттун убактылуу жетекчиси болуп Мирлан Бегалиев дайындалган. Ал криматалык Камчы Көлбаевдин кан кудасы экенин, анын Акбар атуу уулу былтыр Көлбаевдин кызына баш кошкону боюнча маалымат тарап, кызуу талкууга алынган

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here