Жалал-Абад облусунун жетекчиси Кыянбек Сатыбалдиев деген элдин убалынан коркпогон, калктын кызыкчылыгынан кызматтык креслосун жакшы көргөн бир кокуйлардан көрүнөт. Мына эки-үч күндө бери Чаткал, Ала-Букада жергиликтүү калк кен казган кытайлар менен түрк ишкерлерине нааразы болуп митингге чыгып жатат. Ал жерди 400-500 орган кызматкерлери барып, карапайым калкка басым кылып, Кыргызстандын жарандарынын укугу тебеленүүдө. Кен казгандар болсо экологияны талкалап, ичүүчү таза сууну булгап, өздөрүн өздөрү билип, өтүктөрүн төргө илип, жергиликтүү элдин катуу нааразы кылып, чыдамын, сабырын түгөтүп бүтүшкөн. Бийлик ал маселеге көӊүл бурбай, инвестордун укугун коргоо шылтоосун менен митингге чыккандарды жазалап жатканына эл нааразы. Базардан түз эле жетекчи кызматка барып, облусту башкарып жаткан, диплому жасалма экени да чуу жараткан Кыянбек Сатыбалдиев үн катпайт. Эӊ кур дегенде чыр чыккан жерге барып элдин үнүн угуп койсо болмок. Минтип элдин назарын сындыргандар, алыс узачу эмес эле. Сатыбалдиевдин иштен алынып, жооп берчү күнү жакындап калган окшойт…

Булак: Багыт.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here