Биздин мамлекеттеги болуп жаткан башаламандык, ашмалтайы чыккан кадрдык саясат башка бир да өлкөдө жок болсо керек. Мына өткөндө эле Оштун мэри Таалайбек Сарыбашевдин Россиянын жараны туурасындагы документтер жарыяланып, коомдо чуу жаралган. Эми бул чуу басыла электе дагы бир окуя орун алды. “Кыргыз темир жол” мамлекеттик ишканансынын жетекчисинин орун басары болуп барган Хасанов Алымжан Хакиевич Казакстандын жараны экени туурасында жарыяланган маалымат элдин эсин эки кылды. Бул бийлик башка өлкөнүн жарандары менен өзүнүн жээн, куда сөөктөрүнөн башка кадр таппай карайлап калганбы? УКМК Сарыбашевдин жарандыгын иликтеп бүтө электе, эми дагы бир түйшүк жаралды. Эӊ эле кызыгы президентке дайындалып жаткан кадрлар туурасында справка дайындап берген УКМК президенттин көзүн жазгырышып “алакан ысытып” жатышабы, же атайын жаманатты кылыш үчүн мандемдүүлөрдү апакай кылып көрсөтүп, кадырын кетирип жатышабы? Айтор бул жаатта иш жакшы эмес. Өзүм билемдиктин дагы чеги болуш керек го акыры… Көзүн май баскан жоруктун арты туӊгуюк…

Булак: Багыт

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here