“Ата-Журт” партиясынын жетекчиси Камчыбек Ташиев бийликке катуу нааразы. Шайлоодо Сооронбай Жээнбековду колдоп аябай эле кызмат кылды. Бирок ал кызматынын үзүрүн көрөм деген кыялы ишке ашпай, супсуну сууп турат. Буга президенттин иниси Асылбек Жээнбековдун тоскоолдук кылып, Ташиевди командага кошпой бөлүп жатканы себеп болуп жатканы айтылууда. Мындан улам, Ташиев “кызмат үмтөтүп күтө берип бир жыл өтүп кетти, дагы канча күтүшүм керек” деп ызаланып, оппозицияга оой турганын кыйытыптыр. Бир сөз менен айтканда экс-президент Алмазбек Атамбаевдин командасына кошулуп калышы мүмкүн экен. Буга байланыштуу бийликтен жакын арада Ташиевге ылайыктуу кызмат караштыргыла деген тапшырма түшүп, бирок Асылбек көшөрүп макул болбой жатканы кеп болуп жатат. Президент инисинин кадр кызматына аралашпай турганын айтып жатты эле, эгер бул айтылып жаткан сөздөр чын болсо агасы менен инисинин кош бийлиги орноп, Курманбек Бакиевден баласы Максим Бакиев тизгин талашкан окуя кайталанабы?..

Булак:Багыт.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here