Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы төрагасы Адамкул Жунусов  Баку шаарынын аэропортунан кармалды. Эми ал Кыргызстанга алынып келине  турганын Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшү кызматы маалыматады

Башкы прокуратура июль айында Мамлекеттик бажы кызматынын кызмат адамдарына «мамлекеттик бюджетке ири өлчөмдө зыян келтирген» деген негизде Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси  менен кылмыш ишин козгогон жана анын негизинде 18-августта Адамкул Жунусовго сыртынан айып коюлган.

Жунусов «2013-2016-жылга чейин Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы болуп турганда аталган мекеменин башка адамдары менен туруктуу коррупциялык байланышты уюштурган» деп айып коюлган. Финансы полициясынын маалыматына ылайык мындай аракеттердин натыйжасында мамлекет 166 миллион сомдон ашуун зыян тарткан.

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here