Салык кызматы АКШга качып кеткен качкын Шадиевдин декларациясын жарыялады. Маалыматта: ал өткөн жылы 905 миң сом тапкан. Ал эми анын туугандары 79 миллион сомго жакны киреше табышкан бирок короткон.   Шадиев өз декларациясында төмөндөгүдөй туугандары менен бирге  бизнестери бар экенин көрсөткөн: “Карвен клуб” ЖЧКсынын 50 пайызы,  “Бината” курулуш компанясынын  50 пайыз үлүшү, “Карвен 4 сезона” ЖЧКсынын 33, 33 пайызы,  “Фармстор” ЖЧКсы (дарыканалар),  “Континенталь”, “ Континенталь-транс сервис”, “Аква Инвест плюс”, “АКВА-ИНВЕСТ” ,  “Трейд Инвест”, “Ларель” сыяктуу лөкүйгөн  компаниялар жана  “Ала-Арча”, “Глобус” соода түйүндөрү. Шадиевдин мындан тышкары, толтура үйлөрү, кымбат баалуу машинелери да бар. Кыскасы, Шадиев дегениңер Кыргызстандын байлыгынын жок эле дегенде төрттөн бир бөлүгүн  басып жыгылыптыр….

Булак: Багыт.кг

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here