ЖКнын мурунку депутаты Кадыржан Батыров 4-декабрга караган түнү Украинанын Одесса облусунда көз жумганы маалым болду. Ал намаз окугандан кийин уктап, бирок кайра ойгонгон эмес.

Батыров Кадыржан Алимжанович 1956-жылы 9-мартта Жалал-Абад облусунда төрөлгөн. Кыргызстандагы өзбек коомунун экс-лидери болгон.

К.Батыровго өлкөнүн түштүгүндө массалык баш аламандык уюштуруу боюнча айып тагылып, Кыргызстандан чыгып кеткен. Кыргызстандын Башкы прокуратурасы ага эл аралык издөө жарыялаган болчу. Ал эми 2012-жылы сот аны өмүр бою эркинен ажыраткан. 2011-жылы соттун чечими менен мүлкү конфискацияланган.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here