—Бакыт мырза, Киев көчөсүндөгү мурунку Башкы прокуратуранын күйүп кеткен имаратынын ордуна сквер куруу маселеси колдоо таппай калды окшойт. Эми анын ордуна эмне курулушу мүмкүн?

 —Ал жерге сквер куруу маселеси “Градсоветтен” колдоо таппай калган. Демек, ал жерге сквер курулбайт. Эми ал 42 сотых жерге кандай имарат курулат, азырынча  так эмес. Бул боюнча да маселе такталганда маалыматтар сөзсүз берилет. Менин билишимче, мурунку мэр Албек Ибраимов  ошол жерге Бишкек мэриясына караштуу административдик имарат курууну көздөгөн. Ал да ишке ашпай калды. Чынында Бишкек мэриясына караштуу жаӊылбасам 78 мекеме-ишканалар шаардын төрт бурчуна чачырап кеткен. Мисалы, Бишкек шаардык кеӊешинин депутаттарынын жыйындар залы да абдан тар экенин көрүп жатасыздар. Журналисттерге да, башкаларга да шарт жок. Менин жеке көз карашым, мэриянын чачыранды мекеме-ишканаларын бир жерге, бир имаратка топтоп койсо элге да, кызматкерлерге да  жакшы болмок.

—Мисалы, Ленин районунун акимчилиги 9 кабат имаратты ээлеп турат го…

 —Ооба. Бирок ал 9 кабат имараттын   көпчүлүгү да сатылып кетиптир. Биз эми кийинки сессияларда ал 9 жылдан бери  42 сотых жер колдонулбай келатканын көтөрүп, өзүбүз да сунуштарыбызды  айтабыз да.

—Бишкек шаарынын жолдору боюнча эмне айтасыз?

 —Жол маселеси боюнча эки келишим бар. Ал гранттын биринчи этабы бүтүп жатат. Негизги чоӊ жолдор ошол гранттын эсебинен салынып жатат. ”Бишкек асфальт сервис”  ишканасы да бир топ жолдорду оӊдоп -түзөп келатат. Бирок акыркы жылдары бюджет тартыш болуп, азыраак көлөмдө иш аткарышты. Жаӊылбасам, өткөн жылы 400-500 миллион сом бөлүнгөн. Кийинки жылы деле ушундай көлөмдө акча каралууда. Бул эми азыраак да. 2014-жылдары 800 миллион сомго чейин каралып, бир топ жолдор оӊдолгон болчу. Жолдор салынганын салынып жатат, башкы маселе ошол жолдордун сапатын жакшылап карап, сактап калуу жагын да көзөмөлгө алынышы керек. Кудай буйруса, Биринчи Май районунда Чолпонбай Түлөбердиев атындагы көчөсүн оӊдоону да мен мэрияга сунуш кылдым. Түлөбердиев баатыр атабыздын атынан да сквер ачалы деп жатабыз. Буйруса, эмдиги жылы оӊдолот.

—Коомдук транспортту көбөйтүү маселесине көӊүл буруп жатасыздарбы?

 Быйыл коомдук транспортту сатып алууга 380 миллион сом каралган болчу. Бирок ал акчага автобустар сатылып алынган жок. Себеби, быйыл саясат көп болуп, мэрди кетирип, кайра шайлап жатып эле жыл этегине жакындап кирип келдик. Ал акча иштетилбей турат. Бирок жакынкы аралыкта тиешелүү эрежелерди сактоо менен сатып алуу ишке ашат деп  турабыз. Биз негизинен газ менен жүргөн автобустарды алсакпы деп ниет кылганбыз. Бул маселе менен биздин кесиптештер Россияга, Прибалтикага барып келишти. Кийин Алматыга  мен да барып келдим.

—Акыркы учурларда жол киренин баасын көтөрүү маселеси дагы козголуп  жатат. Бул маселеге сиздин көз карашыӊыз кандай?

 —Чынында бул абдан талаштуу маселе болуп келатат. Коомчулук да өз баасын бериш керек. Элдин кайрылуусун кабылдап жатабыз. Азыр кичи автобустар азайып баратканы байкалып жатыптыр. Тиешелүү мекемелердин жетекчилерин чакырып биз угуп көрдүк. Линиялардан кичи автобустар акырындык менен азайып жатыптыр. Мурун бир кичи автобустарды линияга киргизиш үчүн пара беришчү экен. Азыр болсо ар бир линияда 10-15 кичи автобус жетпей жатат дешти.  Себеби, көбү өздөрүн актабай жатыптыр.  10 сом болгон кезде, күйүүчү майдын баасы  25 сом экен. Тариф маселеси 10 жылдан бери карала элек  дешти.   Азыр кымбаттады. Ижарага алып айдаган да айдоочулар көп да. Азыр бул маселеден чыгуунун эки гана жолу бар экен. Бири жол акысын көтөрүү керек, же бюджеттен дотация кылып,  социалдык колдоо кылып пенсионерлер ж.б. муктаж адамдардын чыгымдарын көтөрүп туруш керек. Коомдук транспортторду да тездик менен көбөйтпөсөк болбойт. Кыскасы, бул маселе  тереӊ ойлонулуп, акырындык менен чечилиши зарыл.

 Суроо салган Айбек ШАМШЫКЕЕВ

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here