Мамлекеттик бюджетти сүлүк куруттай соргон маани-маңызы тайыз, атына заты жарашпаган, эптеп эле иш аткарган өкмөттүк мекемелер, фонддор бизде арбын. Алардын бири “Кепилдик фонду” акционердик коому.  Бул фонддо болгону 45 адам эмгектенет. Бирок алардын бир жылдык бюджети 42 миллион сомду чапчыйт экен. Ошондо ар бир кызматкер бир жылда бир миллион содун башын жутуп жатышкандай. Бул фонддун мүдүрү Малик Абакиров 6 жылда 764 миллион сомдук кепилдик ишин аткарганын айтты. Албетте, бул 6 жылдык көрсөткүч үчүн абдан эле аз.

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here