Жогорку Кеңештин тармактык комитети Салык  кодексине өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун үчүнчү окуудан жактырды. Эми бул мыйзам ЖКнын жалпы жыйынынан колдоо таба турганы да күн мурунтан белгилүү болуп турат. Президент коюп, мыйзам күчүнө кирген соң Энергохолдинг жер салыгынан төлөбөй калат. Ошондо бул мекеме салыкка карыз болуп калган 4,5 млрд сомдон оңой эле кутулуп, жыргашат. Ансыз деле өзүн-өзү актабаган бул Энергеохолдингди мынча эмне эркелетип жатышат. Кыязы, бийликке капчык болуп берип жатат өңдөнөт… Бул мекеменин директору Азамат Абдыкадыровдун айлыгы 100 миӊ сомду чапчыйт

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here