Окуучу кыздардын мушташы интернетке тарагандан көп өтпөй, алардын өздүгү аныкталды.Окуя 2018-жылдын 21-ноябрында саат 11:00 чамасында болгон.

Уруштун башы инстаграмдагы кайым айтушуудан башталып, аягы жолугуп муштауу менен аяктаган. Ошол эле уруштун дагы бир видеосу интернетке тарады.

 

Кудай сакта кыздарыбыз кайда баратат? Күндөн -күнгө коомубуз бузулуп, коркунуч жаратууда. Тартип сакчыларына түртүп коюу кандай оңой, ал эми көрүүчү болуп, кайдыгер карап турган адамдар, кантип жүрөгү оорубай карап турушат , Кудайдан деле коркпой калдык.Ушул тасманы ватсаптан жөнөтүшкөн экен, жүрөгүм ооруп, колумдан ишим түшүп, көз жашымды тыя албай олтуруп калдым, булар да мага окшогон бир байкуш эненин акылсыз кыздары да…Кандай кылсак болот, эмне кылыш керек??? Милиция кай жагына жетишет? Аялдар, жаштар уюму эмнеге унчукпайсыңар??? Ким кандай кеңеш берет????

Nurkan Koichumanova 发布于 2018 年 12 月 3 日 周一

Видеотасмада бети канаган кыз шаардагы мектептердин биринин 11-классынын окуучусу. 2002-жылы туулган. Ал эми аны урган кыз Кара-Суу районунун жашоочусу, 2002-жылы туулган. Алгачкы маалыматтарга караганда, мурда эки ирет: уурулук жана бейбашчылык боюнча жазаланган. Аны апасы жалгыз тарбиялап чоңойткон. Мурда Ош шаарында жашап, кийин Кара-Сууга кѳчүп кетишкен.

Ал эми экѳѳнүн мушташын смартфон аркылуу видеого тарткан кыз — кара-суулук кыздын курбусу, эч жерде окубайт. Өзүнүн кѳрсѳтмѳсү боюнча, 15 жашында медреседе билим алып баштап, сокур ичеги болгондон кийин окуудан чыгып кеткен. Ал 2001-жылы туулган, Ош шаарында жашайт. Аны да апасы жалгыз баккан.

Видео:https://www.facebook.com/turmushmaalymat/videos/2811138028911615/

 

 

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here