Бул боюнча арыз Ленин райондук ИИБсине жабырлануучу тараптан келип түшкөн. Келиндин аймына караганда  30 -ноябрдын түнүндө күйөөсү үйгө досу менен келген. Алар үйдөн чогуу арак ичишкен. Түн ортосу болуп калганда конокко  биринчи кабатка төшөк салып берип, өздөрү  экинчи кабатка өз бөлмөсүнө жатышкан. Алакүү болгон конок алардын бөлмөсүнө кирип, досунун аялы менен жыныстык катнашта боло баштаган. Алгач келин каршылык көрсөткөн эмес, себеби аны күйөөсү деп ойлогон. Бирок күйөөсү эмес экенин билип калып, кыйкырган. Тиги кыйкырып жатса да, «ишин» уланта берген. Ошол кезде күйөөсү ойгонуп кетип, досун бөлмөдөн сүйрөп чыгарган.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here