Учурда Кытай бийлиги “Кайра тарбиялоо” деп аталган  түрмөгө  өзгөчө  Кытайдагы кыргыздарды, казактарды, уйгурларды тынымсыз камап жатканы катуу талкууга алынууда. Акыркы жылдары Кыргыздардан эле 50 миӊден ашык адам кармаган. Алардын туугандары Бишкекте бийликке кайрылып, жардам сурап жаткан чагы.  Кытай түрмөсүндө атасы,  байкеси, жеӊеси камалып жаткан жигит «Азаттыкка» буларды айтып берген:

Ал эми Мехригуль Турсун айымдын улуту уйгур. Ал Кытай жергесинде өсүп чоӊойгон. Бой тартканда тагдыр буйругу менен Египетке келин болуп, ошол жакта очор-бачарлуу болуп жашап калган. Гуанчжоудон университетти аяктап эл аралык компанияда иштеген, андан соң Египетке кетип, ошол жакта турмушка чыккан. Үч эм төрөп, балдары менен Кытайга кайтууну каалаган.

2015-жылы Мехригүлдү аэропорттон эле кармап, балдарын тартып алышкан. Аны шпиондук кылды деп айыптап, Египетте ким менен жолукканын, кимдер каржылаганын айт деп кыйнашкан. Көп өтпөй кичинекей баласы жан бергенин уккан. Лагердеги жашоосу тууралуу  Турсун айым  буларды айтып берген

“Бул кыйноолордон өткөнчө өлүп калган жеңил экен деп ойлоп, өлтүргүлө деп сурандым. Мени жертөлөдөгү бир камерага алып киришти. Ал жакта бир камерада 40ка жакын жалаң билимдүү аялдар бар болчу. Жер тар болгондуктан, жарымы уктаганда жарымы тике туруп турушу керек. Эки саат сайын алмашып уктаганга мажбур болчубуз. Электр столуна олтургузуп кыйначу.  Ал жер төлөдө кезек менен уктачубуз. Теӊи уктап жатканда, калган адамдар тикесинен тик туруп турууга мажбур болушчу.  Камактагылардын айрымдары жарым жыл бою  бир да жолу жуунган эмес. Бизге болор-болбос эле тамак берилчү. Кытайдын  коммунисттик партиясынын гимнин кыйнап ырдатышчу.  Аялдарга белгисиз дарыларды кыйнап ичирчү. Ал дарыларды ичкенден кийин аялдардын айызы такыр келбей калса, айрымдар кансырап жатып каза болуп калчу.”

Ушундай кордуктарды көргөн Турсун айымды Кытай лагеринен 2018-жылы кое  беришкен.  Полициянын талабы боюнча ал Египетте калган балдарын кытайга алып келиши керек болчу. Турсун айым, Каирге баргандан кийин, АКШ элчилигинен жардам сураган. Элчилик аны балдары менен АКШга жөнөткөн. Жакында ал башынан өткөргөн лагердеги кордуктарын Американын Конгрессинде айтып берген

 

 

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here