Чүйдүн Беловодск айылындагы №16 түзөтүү колониясында иштеген кызматкер өзүн атып алып каза тапканын  Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова тастыктады. Бул окуя 30-ноябрда болгон. Маалыматта: 21 жаштагы прапорщик курал сактоочу кампада өзүнүн табелдик куралы менен жанын кыйганы айтылат. Маркум  өзүн атардан мурда туугандарына кат жазып, кечирим сурап, ошондой эле чогуу иштеген адамдарга ыраазычылык билдирген.

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here