Өзбекстандын Наманган облусунун 53 жаштагы тургуну Бахром Асадуллаевдин туугандары аны жол коопсуздук кызматкерлери өлөрчө сабаганын билдиришүүдө.

Алардын айтымында, 27-ноябрь түнчүндө жол коопсуздук инспекторлору кичи автобусу менен бараткан Бахром Асадуллаевдин токтошун талап кылышкан. Бирок ал инспектордун талабына баш ийбегендиктен, алар айдоочуну кууп барып, өлөрчө сабап, андан кийин ооруканага жеткиришкен.

— Агамдын эмне себептен токтобой койгонун билбейм. Бирок ал таптакыр ичкилик иччү эмес. Окуянын күбөлөрү инспекторлор агамды кууп барып, сабап, андан кийин милиция бөлүмүнө алып барышканын айтышты. … Ал өтө катуу сабалгандыктан ооруканага жеткирилгенге чейин эле каза болуп калган, — деди маркумдун иниси Жамолиддин Асадуллаев.

Ооруканадагы алгачкы медициналык текшерүү Асадуллаев жүрөгү кармап өлгөн деген корутунду чыгарган. Бирок эртеси маркумдун туугандары анын денесиндеги көк-ала тактарды көрүп, кайрадан экспертиза өткөрүүнү талап кылышкан. Азырынча экинчи экспертизанын жыйынтыктары белгисиз.

Райондук жол коопсуздук кызматынан учурда мекеменин аталган эки кызматкерине карата кызматтык териштирүү жүрүп жатканын билдиришти.