Кытайда камалып жаткан кыргыздарды коргоо комитетинин өкүлү Алманбет Осмон уулу маалымат жыйынында Кытайдын Акчий районунан 22 миӊ кыргызды кармап кеткенин билдирди. АЛ: «бул райондо болгону 40 миӊ кыргыз жашайт жана бул райондогу кыргыздардын камалышы диниий көз карашка эч тиешеси жок. Кытайдагы кыргыздар эч качан ислам дининин фанаты болушкан эмес. Мисалга камакка алынышкан профессор Мамбеттурсун Мамбетакунов менен менин журналист агам Нурманбет Осмонду алсак болот. алар динден алыс болчу. Бирок бийлик аларды терроризмге айыпташты. Биз бул маселени ачык айтып чыгып, өз өмүрүбүздү коркунучка кептеп жатканыбызды билебиз. Ошондой болсо да биз унукпай тура албайбыз. Кытай бийлиги Кыргызстандан бизди кармап бергиле деши толук мүмкүн. Бирок биз ишенебиз кыргыз бийлиги андай кадамага барбайт»- деди.