Олжас Сулейменовго Жогорку Кеңеш тарабынан берилүүчү Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлык ыйгарылды. Казак эл акыны, жазуучу Сулейменовдун талапкерлигин уюмдун курамы толугу менен колдоп берген.
«Чыңгыз Айтматов менин устатым жана досум эле. Ал бир гана жазуучу эмес, көрөгөч, даанышман болчу. Ушундай улуу адамдын атындагы сыйлыкка ээ болуу мен үчүн чоң сыймык»,-деп белгиледи Сулейменов.
Эске салсак, 2012-жылы Жогорку Кеңеш тарабынан негизделген улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлык адабият жаатында ийгилик жараткан инсандарга ыйгарылат. Акчалай сйлыгы 30 миӊ доллар

Кыргызстандан бул сыйлыкка эл акыны Шайлообек Дүйшеев ээ болгон.
29-ноябрда Санкт-Петербург шаарында КМШ өлкөлөрүнүн Парламенттер аралык ассамблеясынын 48-пленардык жыйыны өттү.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here