Кофеин түйүлдүктүн кичирейишине алып келет. Муну ирландиялык окумуштуулар изилдеп чыгышты. Адистер 941 энени жана алардын балдарын алган. Алардын 48%ы чайды көп ичкен аялдар болсо, 38 пайызы кофени жакшы көргөндөр. Биринчи триместрда күнүнө 100 миллиграммдан ашык чай же кофе ичкендердин балдары башкалардыкына караганда 72 граммга салмагы аз болгон. Андан сырткары боюн, башынын да кичирээк экенин байкашкан. Ал эми андан көп кофеин колдонгон энелердин балдары 170 граммга кичирээк болгон. Кофеини бар суусундуктарды көп ичкен энелер төрөт маалында абдан кыйналгандарын да окумуштуулар баса  белгилешкен.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here