Кыргызстан дагы он өлкөнүн жарандарына визасыз каттоо режимин киргизет. Буга байланыштуу мыйзам долбоорун бүгүн Жогорку Кеңештин тармактык комитети карап, жактырды. Өкмөт Румыния, Болгария, Кипр, Аргентина, Чили, Черногория, Андорра, Бразилия, Сан-Марино жана Оман өлкөлөрүнө карата виза режимин жоюуну сунуш кылып жатат.

Туризм департаментинин башчысы Максат Дамир уулунун “Азаттыкка” билдиргени боюнча, визасыз режимдин мөөнөтү 2020-жылдан 2030-жылга чейин узартылмай болду.

Учурда Кыргызстан менен 45 мамлекеттин ортосунда визасыз режим бар. Жарандар 39 өлкөдөн визаны барганда ала алат, ал эми 132 мамлекетке барыш үчүн алдын-ала виза алуу талап кылынат.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here