ИИМ  Баткен облусунун мурдагы прокурору Анарбай Мамажакыповду өлтүрүү боюнча шектүү Мелис Калыков милиция кызматкерлери тарабынан кыйноого кабылганын төгүнгө чыгарды. ИИМдин маалыматында:  Калыковду адам өлтүрүүгө шектүү катары кармалгандан кийинки тергөө чараларынын баарына Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчисинин орун басары катышкан жана аны эч ким урган эмес. Сурактын алдында шектүү медициналык кароодон өткөрүлгөн жана анын бүтүмүндө кармоого чейин Мелис Калыковдун денесине залака келгени көрсөтүлгөн.

Калыков тергөөдө прокурор менен мушташуу учурунда денесине жаракат алган, экөө  айтышып,  андан ары мушташа кеткенде Мелис Калыков прокурор Анарбай Мамажакыповду аңчылык куралы менен атып салганын айтып берген. Андан кийин  кылмышын жашыруу үчүн Мамажакыповдун  денесин өрттөп жиберген. Натыйжада анын денесинин күйүп калгандыктан, аны туугандары оңой менен тааныган эмес.

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here