Акыркы убактарда WhatsApp жана башка социалдык тармактар аркылуу ар
түрдүү коркунучтарды камтыган чыгымчыл аудио-маалыматтарды жана
видеотасмаларды жайылткан учурлар кездешүүдө. Социалдык тармактарда көп
сандаган маалыматтар таралууда. Чыгымчыл маалыматтар интернет тармагында
ушул жылы гана жайылбастан, бир канча убакыттардан бери дареги менен
убактысы өзгөртүлүп, таркалууда. Мисалга алсак, биздин кинотеатрларда
ийнелердин табылышы боюнча ушактар таралып, текшерүүгө алынганда бул
маалымат такталган жок. Андан бир дагы жабырлануучу кайрылган эмес.
Жайылып жаткан жалган маалымат чындыкка окшошпойт. Акыркы жолу ушуга
окшош маалымат жалпыга тарап, ал дагы аныкталган жок. Ички иштер
министрлиги жана анын бөлүмдөрү коомчулукка чыгымчыл, жалган
маалыматтарды жайылткандардын өздүгүн тактоо боюнча иштерди жүргүзүп
жатат.
Кыргыз Республикасынын ИИМи жарандарды WhatsApp жана башка социалдык
тармактар, Интернет булактары аркылуу жайылып жаткан чыгымчыл, жалган
маалыматтарга ишенбөөгө жана ушундай фактылар боюнча ички иштер
органдарына -102 кызматы аркылуу маалымдап коюңарды билдирет. Мыйзамды
билбегендик жарандарды кылмыш жоопкерчилигинен бошотпойт. Чыгымчыл
маалыматтарды тараткандардын же аны менен бөлүшкөндөрдүн өздүгү
такталып, тиешелүү жазаларды алышат.

ИИМдин Басма сөз кызматы.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here