Москванын борборунда эки белгисиз “аңги” кыргызстандык кызды тоноп, зордуктап кетишкендигин «Москва» шаардык жаңылыктар агенттиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, Причал өтмөгүндө талап-тоноо болгондугу тууралуу полицияга билдирилген. ИИМ кызматкерлери  окуя болгон жерге барганда, ошол түнү 22 жаштагы кыргызстандык Белорус вокзалынан эки кыргыз түспөлдөшкөн балдар менен таанышып, ичимдик ичишет. Андан кийин, сейилдеп жүрүшүп, Причал өтмөгүндөгү көп кабаттуу үйдүн жер төлөөсүнө ичимдик ичкени киришкени маалым болот.

«Ичимдик ичилген соң,  экөө күч колдонуп, кызды зордукташып, андан соң телефонун алып, кетип калышкан. Ал эми жабырлануучу жолдон өтүп бараткандардан полиция чакырткан»- деп жазылат маалымат булагында. Бул факт боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.

Анда айтылгандай, абдан мас абалында болгондуктан, зордукчулардын кебете -кешпирин жаттап калалбагандыгын билдирген арызданган кыз. Бул жерде биздин кыз да да кеп бар окшобойбу. Алар менен түн ортосунда эмнгее таанышат да, эмнеге жанаша басат? Көп басакан аяк бок басат дегенди унутпашыбыз абзел.