2008-жылы  Пекин олимпиадасына катышып, байгеге илинбей  калган балбаныбыз Базар Базаргуревге ийгилик арадан 9 жыл өкөн соң жылмайды. Буга, коло медалды уткан украианалык балбандын канынан допинг чыккандыгы себеп болгон. Учурда Базар мырза Бурятияда, өзүнүн туулган айылында балдарды машыктыруу менен алек. Белгилүү болгондой 2008 – жылы Канат Бегалиев күмүш, Руслан Түмөнбаев коло медалга ээ болушкан. Өкмөт аларга 100 миң доллар жана жол тандабас машине белек кылган. Мындан тышкары, атайы стпендиялары да бар.  Эми кыргыз өкмөтү 2008-жылы кыргыз желеги менен олимпиадага катышып, минтип кеч болсо да медаль тагынып жаткан Базар балбанга кандай сыйлык берет? Бул маселе, азырынча белгисиз.