Учурда Бишкекте  WEF Global 14 жана Arzalet FC биргелешкен турнири өтүп жатат. Аталган турнирде «Тайсон» каймана аты менен таанымал кыргызстандык мушкер Канат Келдибеков тажикстандык атаандашы Фаридин Шомуротовду техникалык нокаут менен утуп алды.

Мушкерлер октагондо 66 килограмм салмакта күч сынашты. “Тайсон” аралаш мушташ боюнча 10 мелдешти утуп, үч ирет жеңилген. Ал эми атаандашы муай-тай жана оксуз кармашуу боюнча Тажикстандын чемпиону.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here