Мамлекеттик салык кызматы  Жогорку Кеңешинин депутаттарынын жана алардын жакындарынын 2017-жылдагы кирешеси боюнча декларациясын жарыялады. Декларацияда берилген маалымат боюнча көпчүлүк депутаттардын үйү жок экен. Ишенидиӊизби? Албетте, бул маалыматка Эштекбайдын энөө баласы да ишенбейт

120 депутаттын 48нин үйү да, батири да жок. Бул депутаттар элди келесоо ойлошот. Бир эмес бир нечеден үйлөрүн  жакындарына каттап коюшканын эл жакшы билет.  Кайсы беттери менен үйүбүз жок деп «үшкүрүп» олтурушат? Кудайга шүгүр деп бар байлыгына тобо кылгандын ордуна, минтип шүмүрөйүп, үйүбүз жок дегендери кайсы акылга сыят? Жоктун түбү жок дейт. Жокчулукту тиленип элди алдаганды өнкөт кылып алган шүмүрөйлөргө бир гана сөз айталы. Ылайым үйүөӊөр жок, тентип калгыла… Мындан башка деле сөз жарашпас…

Тизме:

КСДП

  1. Иса Өмүркулов
  2. Искендер Матраимов
  3. Мурадил Мадеминов
  4. Рыскелди Момбеков
  5. Азамат Арапбаев
  6. Аида Касымалиева
  7. Асель Кодуранова
  8. Евгения Строкова
  9. Ильхом Маннанов
  10. Мухтарбек Айнакулов
  11. Музаффар Исаков
  12. Нодирбек Каримов
  13. Бакытбек Жетигенов
  14. Жанар Акаев

“Республика – Ата Журт”

  1. Жыргалбек Турускулов
  2. Алиярбек Абжалиев
  3. Руслан Казакбаев
  4. Мирлан Жеенчороев
  5. Курманкул Зулушев
  6. Талант Мамытов
  7. Зарылбек Рысалиев
  8. Кенжебек Бокоев
  9. Бакытбек Сыдыков
  10. Таабалды Тиллаев
  11. Алтынай Омурбекова (учурда вице-премьер министр)
  12. Аида Исмаилова
  13. Жунус уулу Адыл
  14. Үмбеталы Кыдыралиев
  15. Айбек Алтынбеков

“Кыргызстан”

  1. Алмазбек Баатырбеков
  2. Тынчтыкбек Конушбаев
  3. Канат Исаев
  4. Таалайбек Масабиров
  5. Азизбек Турсунбаев
  6. Нурбек Алимбеков
  7. Нурланбек Макеев (2018-жылдын июнь айында көз жумган)
  8. Исланбек Сарсеитов

“Бир Бол”

  1. Улугбек Ормонов
  2. Алмазбек Акматов
  3. Жаныбек Бакчиев

“Өнүгүү-Прогресс”

  1. Алмаз Жутанов
  2. Абдыкапар Султанов
  3. Абылкайыр Узакбаев
  4. Абдумажит Юсуров

“Ата Мекен”

  1. Алмамбет Шыкмаматов
  2. Сайдулла Нышанов
  3. Наталья Никитенко
  4. Аида Салянова (2018-жылдын март айында мандатынан ажыратылган)

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here