Бишкек шаарынын Лев Толстой көчөсүндөгү көпүрөгө асынып, өз жанын кыюуга аракеттенген 19 жаштагы келинди ИИМдин «Шумкар» атайын бөлүмүнүн кызматкери куткарып калды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта: окуя саат 21:30 чамасында болгон. Милициянын сержанты Нурлан Кулданбаев Лев Толстой көчөсүндө жүрүп, кыймыл-аракети шектүү кызды көрүп калган.
«Кыздын аракеттери ага шектүү көрүнүп, ал көпүрөдөн секирүүнү көздөп жатат го күдүк ой пайда болгон. Милиционер тез чуркап барган учурда кыз боюн таштаган. Бирок ал аны кийиминен кармап калууга үлгүргөн. Кыздын мойнунда асылган жиби да болгон. 2-3 мүнөттүн ичинде ротанын командири Улан Улан Кыдырмаев менен анын орун басары Айбек Жумабаев жетип келип,жардам беришкен», — деп айтылат.

Өз өмүрүнө кол салууга аракет кылган келин Чүй облусунун 19 жаштагы тургуну экени аныкталды. Ал мындай кадамга үйдөгү уруштан кийин барганы жана болжол менен эки ай мурун эле турмуш курганы да белгилүү болду. Учурда окуяга байланыштуу кагаздардын баары Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнө берилген. Келинди туугандары алып кетишкен.

Статистикалык маалыматтарга караганда, Кыргызстанда 3 млн. 155 миңге жакын аял жашайт. Бул өлкө калкынын теңинен көбүн түзөт.

(сүрөт иллюстрация)

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here