Экөөнүн достугуна аябай жашый суктанганбыз. Бири президенттигин берип, экинчиси ага ыраазы болуп «баатыр» наамын ыйгарып. Сонун болгон. Анан аз эле убакыт өтүп, баягы «акыреттик» экөө, элдешкис душманга айланышты. Эмне балакет болуп кетти?! Бул экөөнүн ортосуна ким от жагып жиберди?! Атамбаев менен Жээнбековду айтып жатпайбызбы. Алардын ар бир кадамына, айткан сөзүнө күбө болуп турган эч ким жок, ошентсе да логиканы, абалды курал кылып алып, экөөнүн мамилесинин бузулуш себептерин айтып көрөлү. Бул маселе анча деле баш оорутчу маселе эмес. Экөөнүн достугунун күм-жам болушунда экөөнүн бирдей өлчөмдөгү күнөөсү бар жана да ал жөнөкөй эле тескери кеткен адам мамилелеринен турат.

Туура, Алмазбек Атамбаев президенттигин өз каалосу менен Сооронбай Жээнбековго берди. Атамбаевдин мүмкүнчүлүгүндө президенттигин өткөзүп берчү көп талапкерлери бар болчу.  Айталы, Сапар Исаков, Кубанычбек Кулматов, Абдил Сегизбаев, Албек Ибраимов, а балким, Иса Өмүрзаков менен Өмүрбек Бабанов  дагы… Мына ушулардын баарын электен өткөзүп, ошол кездеги абалды эске алып туруп, Атамбаев Жээнбековго токтолгон. Жээнбеков коррупциялык иштен көрүнбөгөн, өзү токтоо, интригалардан алыс, токпейил жан да. Анын үстүнө президенттикти түштүк тараптан тандоо керек эле. Анан калса, Атамбаев Жээнбековго аябай ишенген. Эгерде Жээнбеков президент болуп калса, мамлекетти башкарууга кенен катыша турарын болжогон. Дал ошол мамлекетти башкарышмай болгон ниети Жээнбеков экөөнүн ортосундагы мамилени бузуп жатпайбы. Эки достун мамилесинин бузулушунун эң негизги себеби- Атамбаевдин «серый кардинал» болуу ниети болду!

… Чынын айтуу керек, эгерде Атамбаев болбогондо Жээнбековдун карьерасы Ош облусунун губернатордугу менен бүтмөк.

Ошентип, Жээнбеков президент болду. Анан Атамбаевдин өлкөнү башкарышам деген ниетине катуу каршылык көрсөтүүгө өттү, жигиттик намысы козголду. Анын үстүнө: «Атамбаев Сизди башкаргысы келет ой…» деген «сүзүштүрмө» куйту кепти айткандар да болду да… Анан Жээнбеков Атамбаевдин кадрларын четинен чаба баштады. Бул «чабуу» Жээнбековдун Атамбаевге өчөшүп кылган аракетиби же жокпу, билбейм, дегинкиси, жакшы эле болду.  Кубанычбек Кулматов, Албек Ибраимов, Икрамжан Илмияновдор камалды, Индира Жолдубаева, Абдил Сегизбаев, Улан Исраилов өңдүү күч структураларын жетектеген Атамбаевдин көздөй адамдары кызматтан алынды. Жээнбековдун бул аракетинен деле кыйкым издештин кереги жок. Анткени, жеп-жуткандар камалды, мурунку президенттин командасы кызматтан кетти, өзүнүн командасын түзүш керек дегендей…

Бирок, бир адамдык сапатты эске алышыбыз керек, кандай болгон күндө да Жээнбеков, кандайдыр бир жол таап көп жылдардан бери дос болуп жүргөн Атамбаевди таарынтпаш керек эле да…  Ал эми Жээнбековдун азыркы жүрүшү 1917-жылдагы Социалисттик революциядан кийин «эскинини баарын талкалоо керек» деген «жылаңач матросттордун» идеясын жолдогондой болуп кетибатат   окшоду…

Алаңгыча КСДП партиясы бөлүнүп-жарылуу жолуна түшкөндөй болуп жатат. Бирок, бул өзөгү бар партия дагы бир сыноодон гана өтчү жолду басат. Партия жоголбойт.

Жанагы «КСДП-Атамбаевсиз» деген ураанды чакырып, «ойдолоп» тургандардын партитяда анча деле кадыры жоктор. Алардын кай бири Атамбаевдин тушунда кызматтан айдалгандар же кызмат тийбей калгандар, кай бири КСДП партиясына тийшеси жоктор. Мисалдатып коелу, алар: Абдрахманов, Дербишалиев, Имангазиева, ж.б.

Эми жашырын деле болбой калды, «КСДП партиясы Атамбаевсиз» деген идея Жээнбековдун командасынын идеясы, алардын активдүүсү Асылбек Жээнбеков болуп турганын Абдрахманов байкоостонбу же атайылаппы, айтып албадыбы. Белгилеп коюунун эби келип турут: президенттин бир тууган иниси агасына караганда биртоп эле куу адам, анын аккөңүлдүгү президенттикине караганда азыраак да болушу керек… көзү айтып турат…

Сооронбай Жээнбеков президент болгону КСДП партиясынан кеткен, мыйзам ошондой. Ал эми КСДП партиясы бийлик партиясы катары мааниси чоң болуп турат. Анан мындай күчтүү партиянын Сооронбай Жээнбековго анча кереги жок, анын үстүнө каршылашы болуп калаган Атамбаев аны башкарып жатпайбы. Эки жылга жетпеген убакта парламенттик шайлоо болот. Анан ошол шайлоодо Атамбаев башында турган партия жеңип чыкса, бийлик парламенттик болду деп жаткан убакта, чынында эле, КСДП Жээнбековдун бийлигине залакасын тийгизбейби. Жок, мындай абалдын- «кош бийликтин» Жээнбековго таптакыр кереги жок. Дал ушундай абалда бийлик-Жээнбеков жаңы партия түзүүсү керек, болбосо, кечээ эле өзү мүчө болгон партияны өзүнө караштуу кылып алуусу керек. Ал партияны Атамбаев бере коймок беле. Ошондуктан ал партияны бөлө тартып, биринчиден, Атамбаевдин позициясын алсыратса, экинчиден, бийликке ыктаган, өзү таянган партиялуу болот. Жээнбеков КСДП партиясын бөлүп кетүү, ыгы келсе, аны бүтүндөй өзүнө каратып алуу жолун тандады. Аны ишке ашырууга бийлик тарапка кошомат кыла баштагандар тандалды. Алар жогоруда айткан Абдрахманов, Дербишалиев, Имангазиева жана фракция башчысы Иса Өмүркулов жана  да ыгын көздөп тияк-биякка кире каччу Кожобек Рысбаевдей немелер иттин кара капталынан эмеспи…

Иса Өмүркулов Атамбаевдин убагынан бери эле премьер-министрдик менен спикердик орунга жетпей келет. Бир ирет спикердикке өтө жакын келди эле, таластыктардын ыгына карап спикердикке Жумабековду шайлап коюшту. Ушундай кырдаалда Өмүркулов күтүү абалы менен жашап, ал ортодо бийлик тарапка ыктай баштаган эле. Анын оң эмес позициясын даана билген, көргөн Атамбаев аны түз эле фракциянын катарынан чыгарып таштады. Өмүркулов КСДП партиясынын бул чечимин тааныбай турганын, анкени, ал легитимсиз жыйын экенин айтып пресс-конференция өттү. Ошол жерден журналитсттер андан «КСДП- Атамбаевсиз» деген топтун адамдарын эмнеге кабыл алганын сураса, ал «мен бардык эле адамдарды кабыл алам» деген жообун берди. Эми ачык эле, «мен мына» деп көрүнүп турбайбы, «КСДП Атамбаевсиз» дегендерди жөндөн жөн эле эл катары кабыл алганы карандай калп да. Эки тарап тең Атамбаевге каршы иштеп жаткандары даана болуп жатпайбы.

Атамбаев оңой жоо эмес, ал өзү жараткан жана ондогон жылдар башкарган партиясын бирөөнө кармата бербес. Анын үстүнө партия мүчөлөрүнүн баары эле Абдрахманов менен Өмүркөловдой эмес да… Жок, КСДП оңой менен жеңилип бербейт!

Автор: Баратбай Аракеев

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here