Кийинки жылдарда бат-баттан эле «баланча мектепте бир бала таяк жептир, эки кыз бир кызды сабап коюптур…» сыяктуу иткабарлар угулчу болду. Бул мектептердеги абалдын жакшы эмес экендигинен кабар берет. Анан кандай болуш керек? «Эмнени эксең-ошону аласың» болуп жатат да…

Балдар эмес, чоңдор баш-аягын таппай калган заманда балдардын жүрүш-турушун тескегенге, аларга жакшы тарбия бергенге убакыт да жок, ниет да жок болуп жатканы. Анын үстүнө бьүгүнкүдөй «Быржыбайды там баскан» заманда балдарды тарбиялоонун жакшы тажрыйбалуу жолу да жок!

Акылдуусунбайын, бирок, балдардын тарбиясы биринчи иретте үй-бүлөдө калыптанат да ал бала өзүнчө түтүн булатып кеткенче тарбия улана берет. Илгериден илгери ушундай эмес беле. Эми кандай болуп жатат? Эми жаш муунардын жакшы тарбия алышын шарттаган бүлөлөр аябай азайды.  Бир бүлөдө ошол балдарды эмне кылып багуу керек маселеси: тигинин бутун бүтөш керек, мунун үстьүн бүтөш керек, дептер, ручка алып бериш керек дегенге, жана кара курсактын эптеп кампайышына акча издөө… менен бүтөт. Экинчи бир бүлө акчанын артынан түшүп алган, эне-ата деген күнү-түнү байлыгын кантип көбөйтүү менен алек, балдарга жакшы тарбия берүүгө убактысы жок. Ошол бүлөнүн балдары да канткенде көп акча табуу керек менен алектенип калат. Алар акча табуунун бирөөнө зыяны жок, мыйзамдуу жолун тандабай, бирөөнүн эсебинен баюу жолун тандашат. Ал жол коррупционердин жолу. Мындай жолду ата-энесинин басканынан көрүп жатышат да…

… Адам турмушунда «ишеним» деген түшүнүк өтө маанилүү орунду ээлейт. Көпчүлүк адамдар жалаң гана ишеним менен жашап өмүр өткөзөт. Биз бала кезде «коммунизм» деген заман курулат, анан баарыбыз бирдей жыргап жашайбыз деген ишенимибиз бар болчу. Ошол замандын келиши үчүн жакшы жүрүп, жакшы окуш керек деген да бүтүм бар эле да… Эмдиги  балдардын ошондой чын дилден ишенген мөлтүр таза  ишеними жок. Булардын ишеними жалаң гана «мандемдүү» нерселер менен коштолот. Маселен, чоңойгондо бир окууну бүтүп чоң болом, бай болом… министр же президент болом, болбосо «мыйзамдагы ууру» болуп жыргап жашайм, эң сулуу аял алам, кабат-кабат үй салам, ж.б.  Ошентип, азыркы балдардын ишеними жалаң гана материалдык жактан мыкты абалды көздөйт, керт башынын гана кызыкчылыгын көздөйт. Буларда бирөөнө жардам берем деген сезими да болбойт… Бийик моралдан дайын жок…

Ооба, бардык эле адамдарда убакыт өтсө жакшы жашайм деген ишеними бар. Бирок, көп адамда ал ишеним ишеним катарында гана жашап келет, аткарылбайт. Анан ошондой ишеними аткарылбаган адамдар, ишенимин аткаруу үчүн жаман жолго баспайт. Ал эми адамдардын башка бир тобу ишенимин турмушка ашыруу үчүн ууру кылып, бирөөнүн акчасын жеп, пара алып ж.б. жаман иштерди жасап жатпайбы… Анын баарына жаш муун күбө болуп турат. Анан «уядан эмнени көрсө, учканда ошону алат» абалы келет да…

Балдардын дал ушундай абалында мектеп жардамга келип, балдарга адамча жашоо кандай болорун үйрөтүп, ошого ишендириши керек эле. Тилекке каршы, андай болбой жатат. Азыркы мектептердин ички мазмуну жок, сырткы гана көрүнүшүн көздөп калышкан. Жукпаган, куру сөз менен кошотолгон чогулуштан чогулуш өтөт, ата-энелер чогулуп жана бир чогулуш жасайт, баланча деген белгилүү датаны өткөрүүгө, жана башка иштерге акча чогултулат, ремонтко дегени бар, класс жетекчисинин туулган күнү деген бар, мугалимдер күнү деген бар, ж.б. Баарына акча чогултулат. Анан мектептеги шаан-шөкөттөр канча, биринчи класстын окучусуна коңгуроо кактырып, анын ата-энесинен бирдеме өндүрөт, бүтүп жаткан окуучуларга жакшы аттестат жасап берип, анда бир пайда көрүшөт. Бул айтылган иш-чаралар убагында, жогорку сапатта өткөрүлөт. Бирок, билим жана тарбия берүүнүн баш-аягы жок.

Мектептерде билим берүүнүн эң эле оңдуу деген варианты жок, турмушта кереги тийбеген сабактар баса окутулат, керектүү сабактардын сааты аябагандай аз, сабак окуткан мугалимдердин, өзгөчө жаштарынын, билими начар… Анткени, дипломду ойноп жүрүп, акчага сатып алышкан да…

Ушундай абалда баарын билген жана түшүнгөн министр иштеш керек эле, андай болбой жатат, «эшегине карата тушагы» мааниси келип турат. Азыркы министр мугалимдери канча айлык аларын да билбейт, мектептерди дайны жок кагаздарды жазууга мажбурлап салган…  Анан да бир балакет форум болот деп тээ Африкага чейин кирип кеткенин айт!

Азыр билим берүү жана илим министрлигинде олтурган жетекчилердин жана башка кызматкерлердин  көбү педагогика жөнүндө терең билимге ээ эмес. Алар кайсы бир чоңдун балдары, туугандары же тааныштары.  Алардын ордуна мектепте 30-40 жыл иштегендерди койсо, пайда ошондо болмок.

Эми кайрадан макала башында баштаган кебибизге өтөлү. Ооба, окуучулардын тартиби аябай эле начар. Күндө болбосо да күн аттап кайсы бир мектепте жагымсыз окуя болуп турат. Ал окуялардын көбү «жабылуу аяк…» маанисинде калат…

Лидердикти талашуу, рэкетчилик, ичкилик ичүү, жигитти же кызды талашуу… сыяктуу окуялар кайра-кайра кайталанат.  Тартип бузган окуучуларды татыктуу жазалоо деген жок. Окуучу кандай кылмыш кылса да мектеп тарабынан жашырылып турат. Ошол күнөөкөр окуучунун ата-энеси тааныштан тааныш таап, окуяны жокко чыгарып турушат. Башкаларга сабак болуп берчү чаралар көрүлбөйт. Ошондон улам жагымсыз окуялар кайталанып жатпайбы.

Мугалимдердин илгеркидей кадыр-баркы жок. Биздин кездегидей мугалим менен баш кийимди ала коюп учурашмай, алардын алдынан тоспой жол бошотмой, мугалимдин ар сөзүн мыйзам катары кабыл алып, аны дароо аткармай… дегендерден жок. Азыр окуучулар мугалимдерди жөөлөп өтөт, тебелеп-тепесеп кетиши бар, мугалимдин айтканы аткарылбас куру сөз маанисинде калат. Окуучунун ачуусуна тийип албайын деп коруп турат мугалим. Баркы жок мугалимдин билим бергенинин да баркы болбойт. Кайсы бир окуучу мугалимден тил угуп калса, ошол окуучунун ата-энеси келип мугалимдин айласын кетирет, азабын колго берет…

…Айнанайын, педагогика илимдеринин кандидаттары менен докторлоруна сан жок. Алар эмне деген теманы жактап, педагоика илимине кандай орчун салым кошконунун да дайны жок. Баланча  сабакта, түкүнчөнү окутуу, тигиндей, мындай тарбия берүү деген темалардан жакташат, мурунку эмгектерден эркинче көчүрөт өздөрүнүкү кылып. Педагогика боюнча жакшы иштелген фундаменталдуу бир дагы эмгек жок. Азыркы педагогика илимдеринин кандидаттары менен докторлорунун жазгандарынан көрө кайсы бир тажрыйбалуу мугалимдин айткандары алда-канча жогору турат.

Мамлекетибиз көздөгөн планы жок эле жашоосун улантып жаткан убакта жаман делчү көрүнүштөр турмушка аябагандай көп кирип турат экен. Аларды токтотууга эч кимдин күчү жетпей барат, «күчүн жеткирүү» аракет деле кылган киши жок…

Автор:Баратбай Аракеев

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here