—Бүгүнкү күндө “Кыргыз Деңизи” ден соолукту чыңдоо санаториясы – Ысык-Көлдүн жээгиндеги эң алдыңкы  эс алуу жайы. Айтыңызчы, анын тарыхы кандайча башталган? 

 —Биздин санаторий узак жылдарды камтыган тарыхка абдан бай, анткени “Кыргыз деңизи” санаториясынын пайда болгонуна  53 жыл болду.  Баардыгы 1965-жылы башталды, СССР КПСС БКнын Министрлер Советинин чечими менен тоо кен, өнөр жай индустриясынын жумушчулары үчүн ден соолукту чыңдоо борбору ачылган. Биринчи корпусу эс алуу үйү катары курулуп, кийин 1973-1974-жылдары санаторийдин курулушу башталган.  Кыргызстан коммунисттик партиясынын борбордук комитетинин   1-секретары Т.Усубалиевдин көсөм жетекчилигинин жардамы менен иш жүргүзүлгөндүктөн, эң мыкты натыйжа берди.  Ал сапаттуу эс алуунун алгачкы пайдубалын салып берди, ал эми аны биз эс алуучулардын ишенимин актоо менен өнүктүрүп жатабыз.

—Кызык, санаторий куруш үчүн эмнеге так ушул жерди тандашкан? 

—Мурда космонавттар өздөрү спутниктен эс алуу үчүн ушул жерди тандашкан деп айтышат. Макташып, эс алууга келишип, учууга чейинки даярдыктарды жана учуп келишкенден кийинки эс алууларды өткөрүшкөн. Аларды айтымында, бул жерде эс алуу менен алар өздөрүн жакшы сезип, өздөрүнүн ден соолуктары үчүн чочулабастан космоско жөнөшчү экен.   Өзгөчө бул жердин суусунда, топурагында жана климатында көптөгөн баалуулуктар бар экени шексиз.

—СССРдин учурунда жана бүгүнкү күндө да санаторийге көптөгөн элдер келип турушат. Канча жылдар өтсө дагы бул санаторий эмнеси менен таанымал, кандай ойлойсуз?

 —Санаторийдин имараты Советтер Союзунун ченеми менен курулган. Мисалга алсак, кечээ жакында эле оңдоо иштерин жүргүзүп жатып, эски бетон куймасы көп убакытка чейин сындыра албай кыйналдык. Демек сөз курулуштун сапаттуулугу жана бышыктыгы туурасында болуп жатат, келечекте дагы бир нече муунга кызмат кыларына шегим жок.  “Кыргыз деңизи” санаторийинин иштөө мөөнөтү узак болушун каалайм, ошондуктан анын ишин жакшыртуу боюнча ар тараптуу иштерди жасоого колдон келишинче аракеттенип жатабыз. Өткөн жылы жыйырма номерге капиталдык оңдоо иштерин жасадык, бул жылы жаңы жабдууларга 15 млн. сом сарпталды.  Кимге болбосун пансионат эки фактордун аркасында маанилүү  — климаты жана дары суусу.  Бул жерде тоонун арасындагы таза аба, эс алуу үчүн эң жакшы аба ырайы,1500 метр жер түбүнөн чыккан табигый ысык суусу, минералдарга бай жерлерден алынып келинген баткактар жана дарылык касиети бар туздар бар. Кышында да санаторий өзүнүн кардарларын жоготпойт, көбү дарылануу үчүн келишет. Ошондой эле бизге СССР мезгилинде  “Кыргыз деңизи” санаторийинде эс алып көнүп калган улуу муун көп келет, алар да санаторийдин тейлөө кызматы жана сапаты олуттуу жакшыргандыгын баса белгилешүүдө.   Бир орунда токтоп калбай жай, бирок ишенимдүү кадамдар менен алдыга жылып жаткандыгыбыз бизди абдан кубандырат.  Санаторийди жаңылоо үчүн инвестор тартууга өзгөчө көңүл бурулуп жатат. Бул жагынан “Кыргызалтын” ААК чоң жардам берип жатат.  Абдан көп финансылык сарптоолор болуп жатат, бирок  жыйынтыгы ошого татырлык. Мисалга алсак, биз сатып алган жаңы жабдуу универсалдуу жана  көп ооруларды дарылоого эсептелген.

—Жаңы жабдууңуздар менен куттуктаймын! Ал тууралуу кененирээк айтып берсеңиз.

 —Рахмат! Эс алуучулар биздин санаторияда жок медициналык жабдуулар тууралуу дайыма сурашчу. Дарылануучулар эч нерсеге муктаж болбосун, татыктуу дарылансын деп бардык зарыл болгон медициналык жабдууларды сатып алдык.  Изилдөөлөрдү жүргүздүк, жыйынтыгында Россиядан чыккан жабдууларды сатып алууну аныктадык.

Авантрон, акватракцион, электромагнитотурботрон, Шарко чайынмасы  — кардарларга сунуштай турган бир катар медициналык жабдуулар. Авантрон—Жамбаш жана куймулчактагы органдарга магниттик дем берүү менен дарылоочу аппарат. Анын эки түрү бар: аялдар үчүн жана эркектер үчүн. Аялдар үчүн аппарат төмөнкүдөй кызмат аткарат: Жамбаштагы өнөкөт ооруларды дарылайт, зааранын токтобой калышы, жамбаштын булчуңдарынын бекемдөө, саламаттыкты калыбына келтирүүнү жакшыртуу, эко мүмкүнчүлүгүн жогорулатат, сексуалдык жактан жакшыртат;  эркектер үчүн – простатитти дарылоо, сексуалдык көйгөйлөрдү чечүүгө жардам берет. Дарылоонун узактыгы 15 күнгө чейин, бирок алгачкы жолу дарылана баштаганда эле жылыштарды байкоого болот.  Натыйжалуугу операция кылганга жол бербейт, оорутпайт, ыңгайсыздыкты жаратпайт, бардык жаш-курактагы адамдарга ылайык келет. Акватракцион – суунун алдынан омурткаларды чоё турган, омурткалардын жанындагы булчуңдарды суу менен массажын  (гидроаэромассаж паравертебральных) жана суу алдындагы душ-массажын кылуучу көп функциялуу комплекстүү дарылоо. Бул аппараттын милдети: кан айланууну жакшыртып, ревматикалык бел оорусун басат, гейзер эффектисинин жардамы менен өзүн  жакшы сезүүнү жакшыртат жана эс алдырат, нерв тутумун калыбына келтирет.  Ошондой эле аппарат мээ, баш, жыт билүү, көрүү, угуу органдарынын, сөөк, булчуң, жүрөк, өпкө, өт, боор, ашказан, көк боор, бөйрөк жана башка көптөгөн ооруларды дарылайт. “Магнитотурботрон” деген аппарат адамдын денесине жакшы таасир берип, анын жардамы менен кичи кан тамырлардагы кан айлануу жана организмде зат алмашуу жакшырат.  Организмдин терең деген ткандарга чейин таасир берип, 40ка жакын ооруну дарылайт. Душ Шарко – бул «сокку берүү түрүндөгү» душ. Ал кан айланууну жакшыртат, иммунитетти көтөрөт, нервологиялык мүнөздөгү оорулар менен күрөшөт. Кээ бир учурда дене келишимдүүлүгү жана сулуулугу үчүн да колдонушат. Менимче дарыланып кеткендер абдан ыраазы болуп кетишсе керек деп ойлойм.

—Эң сонун! Жогоруда айткан спелеотерапия үчүн тузду кайдан аласыздар?

—Бул чындыгында дарылык касиети бар туз бизге Кочкордогу туз шахтасынан алынып келет. Ушул туз таштардан үч бөлмө жасадык, абада туздун көзгө көрүнбөгөн чаңдары айланып жүрөт. Спелеотерапия – туз менен дарылоо,ал аллергиялык оорулар менен ооругандарга абдан жакшы жардам берет. Кошумчалай кетсем, дарыланып жатканда адам жөн эле отурбастан, жатып бир аз “чырм этип” алса да болот турган шарт түздүк.   Эс алдыруучу жай музыка ойноп турат, дарылык касиети бар туз аралашкан аба менен дем алып ден соолукту чыңдасаңыз болот. Мындан артык эмне керек!

—Мындай кыйын ооруларды дарылоо үчүн такшалган дарыгерлерди талап кылар?

Ооба, албетте. Эгер сапаттуу дарыланам десеңиз, өз кесибине такшалгандарга ишеним бериш керек. Биз эч убакта санына басым жасабайбыз, бизге сапат эң негизги көңүл чордонундагы маселе. Ошондуктан, санаторийибизде 15-20 жылдан бери талыкпай иштеп келе жаткан, саламаттыкты сактоонун мыктысы наамынын ээлери болгон 6 дарыгер эмгектенет. Мактабаймын, бирок чындыкты айтайын, дарылоо боюнча  биздин дарыгерлер Ысык-Көл аймагында эң тажрыйбалуу жана мыкты дарыгерлер.

—Дагы бир негизги ресурс – жумушчу-кызматкерлер. Айтыңызчы, биздин санаториянын тейлөөсүнө кандай баа берер элеңиз? 

 —Бизде 250 адам туруктуу иштешет, жайында алардын саны  400 гө жетет. Башка пансионаттардагыдай эле жайкы сезон иштеген жумушчулар, тактап айтканда,  жайкы сезондо иштөө үчүн келгендер кетишет, ал эми негизги жумушчулардын катмары калат.

Алар – чоң механизмдин буроосу, аларсыз бардык иш жөн эле токтоп калат. Азыркы тапта тейлөө сапатын жогорулатууга абдан көңүл буруп жатабыз.  Тейлөө сапаты чет мамлекеттерден алда канча артта калып жатат.  Бирок биз токтоп калган жокпуз, жыл сайын белгилүү бир өсүш байкалып жатат.  Сервис-бул комплекстүү кызмат көрсөтүү, ага номердин ыңгайлуулугу,тамак-аштын сапаты, таптаза идиш-аяктар, суткасына 24 саат бою күлүп тосуп алган элпек кызматкерлер кирет. Так ушул акыркы көйгөй Кыргызстандын  дээрлик бардык тейлөө кызматтарында орун алган. Биздин түшүнүгүбүз ага жете элек, биз ишмердигибизде кардарлардын олуттуулугун түшүнө бербейбиз. Оройлук жана кардардын алдында “ийилип” кызмат кылууну каалабагандык —  негизги көйгөй.  Ошону менен бирге эле жакшы жаңылыктар да бар, биз окуп жана ушул кемчиликтерди жойгонго аракет кылып жатабыз, каалоо — керемет нерселерди жасоого өбөлгө эмеспи. Биздин санаторий ыңгайлуулугу боюнча алдыңкы орунда турат, ошондуктан алгылыктуу баага мыкты сапаттагы тейлөөнү кантип беребиз? Биздин артыкчылыгыбыз: “Кыргыз Деңизи” эс алууну гана эмес, толук дарылоону да жүргүзөт.

—“Кыргыз деңизи” дарылоочу-алдын алуучу процедуралардан жана комфорттуу номерлерден тышкары дагы эмнеси менен бизди кубандырат?

 Биздин санаторийдин жалпы аянты 45 гектар жерди түзөт, анда бактылуу болуш үчүн  керектүүнүн бардыгы бар.  Эс алгандар өздөрүнүн бош убактыларын спорттук жана бий аянтчаларында, кичи-футбол талаасында же баскетбол, волейбол, теннис жана чуркоо менен өткөрсө болот. Эми биз  күрөштүн жети түрүн камтыган залын жаңы долбоорлоп жатабыз. Сиздер көрүп тургандай, санаторийдиндин спорт жаатына абдан көңүл бурабыз. Ошондуктан, өздөрүнүн күч-кубатын жана ден соолугун  калыбына келтирүү бизге тынбай келип жаткан спортсмендердин талаптарына жооп беребиз, мындан сырткары жөнөкөй эле эс алуучунун физикалык жактан келбеттүү болушун каалайбыз.  Биздин санаторий ким спортту, сулуулукту жана сергек жашоону сүйсө ошолор үчүн ылайыктуу.

Жакынкы аралыкта дагы кандай пландарыңыз бар?

—Бизде жерибиз абдан кенен, ошондуктан пландар дагы ошончо көп. Биз жылуулук менен камсыздоо маселесин чечип алдык, атайын жабдуу орноттук, эми каражаттар олуттуу үнөмдөлөт.   Азыр санаторийдии өнүктүрүүнүн стратегиясын даярдап жатабыз, демек бул – спортсмендерди тартуу, уруш залдарын, чуркоо жолдорун   ачуу, дүйнөлүк стандарттарга туура келген заманбап жаңы стадионду куруу жана кызматтууга даяр инвесторду издөө.  Негизги максат – башка санаториялар менен биригип  жана туристтерге бирдиктүү, бирок укмуштуу эс алуу тартуулоо. Биздин санаторийлерибиздин жана Ысык-Көлдүн мүмкүнчүлүгү чоң. Чет элдиктер биздин жаратылышыбызда эс алууга жана улуттук оюндарыбызды көрүүгө чоң акча каражаттарын жумшоого даяр.  Алар өздөрүнүн өлкөсүндөгү керемет эс алуу үйлөрүндөгү ыңгайлуулуктарга тоюп калышкан, эми аларга улуттук колоритте өзгөчөлөнгөн кандайдыр бир ыңгайлуулуктар гана керек.  Бирок алардын каалоосуна, тилекке каршы татыктуу жообубуз жок. Бардык пансионаттар жана санаторийлер мыкты кызмат көрсөтүүгө аракет кылып жатышат, бирок бул аз. Чындыгында көңүл толо турган сапатты алыш үчүн биз бардыгыбыз биригишибиз керек жана бирге аракет кылышыбыз керек.  Бизге “Көчмөндөр оюну” сыяктуу оюн-зоок программалары керек, бирок он күнгө эмес дайыма өткөрүлүп турган. Ошондой эле жол маселесин чечүүбүз керек. Караңыздарчы, биздин бир тууган Өзбек Республикасын, көптөгөн туристтер эс алуу үчүн жөнөп кетип жатышат. Аларда биздикиндей жаратылыш жок, тарыхый объектилер гана бар, бирок жолу жүз эсе жакшы.  Кыялымда – Кырчынга мейманкана куруп, жанына боз үйлөрдү тигип, ат менен күн сайын улуттук оюндарды өткөрсөм дейм. Мунун бардыгы жөн гана бүтпөйт, абдан чоң көлөмдөгү инвестицияны талап кылат, бирок сиз элестетип көрүңүзчү, муну жасасак, Кыргызстанда туризмди өнүктүрүүгө чоң кадам таштаган болмокпуз.

Булак: Багыт.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here