Келдибек байке кокустан Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматовго жолугуп калып:

—Азиз, эмне маанайыӊ пас болуп ойлонуп калгансыӊ?-деп сураптыр.

–Ээй Келдибек агай, кыргызтестти тапшыр дешип мээмди чакмай болушту. Ушинтип мээмди жей беришсе анда мен дагы ачыкка чыгам.

– Эмне деп кокуй?

– Эмне үчүн Феликс Кулов, Борис Силаев, Нариман Тулеевдер жана башкалар кыргыз тилинен тест тапшырышкан эмес деп.

—Азиз, антип илгерки жоорду чукубай, өзүӊ мэр болоордо өкмөт башчыга убада бербедиӊ беле, Бишкек шаарын мыйзамсыз курулган имараттардан, кафе, ресторандардан базар-сазарлардан, сауна, тунку клубдардан тазалап, мурунку «жашыл шаар», «таза шаар», «кооз шаар» статусуна кайра алып келем. Шаардын чоӊ көчөлөрүн бусиктерден тазалап жалаӊ автобус, троллейбумстарды жүргүзөм деп. Ушул убадаларынӊды бир жылдын ичинде аткарсаӊ эле тест тапшырбай каласыӊ.

– Оо, анда иштерди күнү-түнү аткара баштайын, анан дагы тест тапшыр деп жабышышса, сизди айтам, деп колдолоӊдоп жөнөп кетиптир.

Журналист Мирлан Алымбаев Келдибек агайына суроо салат:

—Келдибек агай, мен сизге ар түрдүү суроолорду берем, сиз кыргыздын макал-лакаптары  же ыр менен жооп бересиз, макулсузбу?

—Макулмун, жанагы тойдогу тамадалардайбы?

—Ошолорго окшош, кеттик агай, Кытай менен мамилебиз башталгандан бери 60 миӊ кыргыз кызы кытайларга турмушка чыгыптыр. Андан бери ошол кыздарыбыз алардан экиден тууганда жээндер 120 миӊ, өздөрүн кошкондо 180 миӊ кытай болот. Ушул көрсөткүч жүрүп отурса, акыры 10-15 жылда кытайлар миллиондон ашат. Анан дагы сүйлөп калабыз, кытай каптап кетти деп. Каптабай эле өзүбүздүн акылы кем кыргыздын кыздары эле көбөйтүп жаткан тура. Буга кандай жооп бересиз?

—«Укпайт деп ушак айтпа, укпайт деп ууру кылба», же «көзүм көрбөсө, көтүмдү бөрү жесин», же «жээн эл болбойт, желке тон болбойт», же «баланын көнүлү базарда, кыздын көӊүлү кытайда».

—Кыргызстандын Кореядагы элчиси Кылычбек Султан ТИМдеги коррупцияны ачык айтып элге жаям деп жатты эле, бийлик өзүнүн былыгын чукуп койсо «коркконго кош көрүнөт» болуп, бирде Кореядан, бирде Малайзиядан саясий башпаанек сурап экинчи Кыргызстанга барсам бутум сынсын, силерди желкемдин чуӊкуру көрсүн деп элдин  оозун ачырды. Буга кандай дейсиз?

—«Жаман аял кетем деп коркутат, жаман эркек барбайм деп коркутат», «Арбалсаӊ да бир келерсиӊ, эстегенде бир келерсиӊ Ала-Тоону көргөнү».

—Келдибек агай, жакында Кыргызстанда дүӊк деген окуя болду. Эмгек жана социалдык жактан өнүктүрүү министрлигин жаланӊ аялдардан турган командага башкарттык эле, төртөө «төө чечкендей» жаман болушуп, иштеринен айдалышты. Үчөө чет мамлекеттерде сайрандап, бирөө самолётто тайраӊдап. Эл арасында бул өлкө башчы менен өкмөт башчылар бул селкилерди чачтарынан сылап эле кетиришеби же бөлөктөргө сабак болчудай кылып чара көрүшөбү деген кептер арбын. Өздөрү бул жөн эле көрөалбастык, ичи тардык, ушактарга ишенишип иштен кетиришти, деген эле кеп. Калган кеп сизден?

–«Оосурган кыз оосурбаган кыздын бетин тытыптыр», «Кыз боозуп алып, энесин коркутат», «Арак ичкен тойдо мас, акылы жок күндө мас», «Мастан жинди качып самолёттон түшө качыптыр».

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here