—Шамшыбек мырза,  коррупцияга каршы күрөшкө кандай баа бересиз?

—Негизи мамлекеттердин чоӊ милдеттеринин бири – бул коррупция менен күрөшүү болуп эсептелет. Өзгөчө коррупцияга белинен баткан бизге окшогон мамлекеттерде күрөш аёосуз жүрүшү абзел. Азыр коррупция менен күрөш жакшы эле жүрүп жатат. Буга чейин эки-премьер, эки мэр, депутаттар, министрлер дагы бир топ аткаминерлер (ТЭЦ боюнча) бир учурда камалган эмес. Бул комплекстүү күрөштүн башаты деп ойлойм да. Эми бул маселе аягына чейин тергелип, эл күткөндөй жыйынтык чыгышы керек.

Бирок күрөш деген ушул деп эле баарын катары менен камап, олтургуза берүүнүн натыйжасы аз болот да. Атка минерлерди олтургуза берсек, анын ордун келгендер деле баягы коррупциялык иштерди уланта беришет. Ошондуктан бул коррупция менен күрөшүүнүн эффективдүү жолу эмес. Биринчи кезекте коррупцияга күрөшүү маселесинин  профилактикалык жолун күчөтүшүбүз керек. Бүткүл дүйнөлүк парламентарийлердин коррупция менен күрөшү боюнча атайын кыймылы бар. Мен ошол кыймылга мүчөмүн. Штаб-квартирасы Канадада. Бизди кез-кези менен жыйынга чакырып турушат, биз ошол Канадага барып келгенбиз. Мисалы, дүйнөдө Гонконг менен Сингапур коррупциясы аз алдыӊкы 5 мамлекетке кирет. Гонконгдо 1960-жылдары коррупцияга каршы улуттук кыймыл түзүлгөн. Мен ошол жерге барып, аталган кыймылда “стажировкадан” өтүп, тажрыйбасы менен таанышып келгем. 2012-жылдагы президенттикке шайлоо болоор алдында мен ошол кыймылдын тажрыйбасынын негизиндеги сунуштарымды толук жазып  Фарид Ниязов аркылуу Атамбаевге  бергем. Алар ушул тажрыйбаны колдонолу, жакшы экен деп жатышкан. Бирок кийин иш жүзүндө, аны колдонбой УКМК алдында АКСти ачып коюшту.

—Сиз берген сунуштун өзөгү кандай эле?

—Мен берген сунуш боюнча: УКМКнын алдында эмес,  Президентке түз караган коррупция менен күрөшүү кызматы болмок. Ал кызмат: оперативдүү иштер боюнча  тергөө жана профилактикалык иштерди жүргүзүү боюнча үч чоӊ башкармалыктан турмак. Андан тышкары, атайы адистештирилген прокурорлору жана соттору болмок. Бизде азыр УКМК, Башкы прокуратура, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы, ИИМ коррупция менен күрөшүп жатпайбы. Мына ушунун баары мен айткан кызматка  бирикмек. Эӊ негизги иштер профилактикалык жактан чоӊ иштерди жүргүзмөк. Мисалы, балага бала бакчадан, андан кийин мектеп жашында да коррупция боюнча атайы түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп турмак. Ошентип, коррупция коомго жат көрүнүш экенин бала чагынан тартып, мээсине куюлуп турмак. Бул көрүнүш өз жыйынтыгын бермек. Кыскача айтканда ушундай. Чынында азыр бизде бир да орган профилактикалык иш жүргүзбөйт. Мунун өзү чоӊ утулуш да.

—Сиз эми кесипкөй чекистсиз. УКМКнын ишине кандай баа бересиз? Өткөн бийлик учурунда аброю кете түштү. Азыр ал жолдон кайтып жатабы?

—Акырындык менен өзүнө келүүгө аракеттер көрүлүп жатат десек болот. Коопсуздук кызматында иштегендердин өзүнчө коому бар. Мен ошол коомдун төрагасымын. Биздин ар кандай иш –чарабызда ушу тапта иштеп жатышкан чекисттер да келип, катышып турушат. Пикир алышып, кабарлашып турабыз. Чынында азыр УКМК бийликке каршы чыккан саясатчыларды же журналисттерди мурункудай камап, аӊдып коркутууга алган жок. Мен андайды уккан жокмун. Угуп жатабыз азыр УКМК кызматкерлерине экстремизм, терроризм менен күрөшүү боюнча чоӊ талап коюлган. Мына ушул багытта бир топ иштер жасалып жатат окшойт. УКМК кандай болсо өзүнүн милдетин так аткарышы керек. Эгер бир адамга ашыкча кызмат кыла берсе, анда мамлекетке пайда келтире албайт. Атайын кызмат деген мамлекеттин көзү, кулагы болуп турушу зарыл.

Булак: Багыт

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here