Шамшыбек мырза, маегибизди өкмөттүн ишмердүүлүгүнүн күӊгөй-тескейи тууралуу маселеден баштасак. Өкмөттү өтө эле көп сынга алып жатышат. Сиздин купулга толгон иштер жасалып жатабы?

Ооба, өкмөттү укмуш мыкты иштеп жатат деп айта албайм. Бирок ошондой болсо да бир катар тармактар боюнча жакшы эле аракеттерди көрүп жатат. Мисалы, өкмөттүн ишин санариптештирүү, күч органдарын реформалоо, инвестиция тартуу боюнча  жакшы эле аракеттер көрүлүп жатканын айтсак болот. Кызмат көрсөтүү ИДПнын 30 пайызына чейин өстү. Ал эми биз таянган айыл-чарба тармагында жакшы иштер жасалбай жатат.  Жалпысынан алганда экономикада  4-5 айда такыр эле жылыш болбой жатты эле, азыркы көрсөткүчтө аздыр-көптүр өсүп жатканы байкалып турат. Бюджетти быйыл да 20 млрд.  дефицит менен кабыл алып алышкан. Сырттан грант же башка каражат булактары болуп калса толтуруп коёбуз деп ойлошот да.  Негизи өкмөт ушундай көрүнүшкө көнүп алды. Бул такыр туура эмес. Андан көрө, кыйынчылыкты элге ачык айтып, ашыкча чыгымдарды болушунча кыскартып, дефицит дегенди жоюш керек. Бул биринчиси. Экинчи мен айта турган маселе – бул статистика. Статистика системасы союз кезде кандай болсо, эч өзгөрбөй эле бүгүнкү күнгө чейин ошондой болуп калды. Болгондо да өтө терс таасирин тийгизген көрсөткүчтөр менен калыптанып калды да. Мен ушул маселени баса белгилеп айтып келатам. Чынында бул тармакта эч кандай реформа жүргөн жок. Эмнеге дегенде статистика деген эч кандай кошумча-алымча сандар жок көрсөтүлүшү керек.

—Статистика комитети тараткан  маалымат турмуштук көрсөткүчтөргө жакын болбой, бурмаланып  жатат да. Туурабы?

—Туура. Мисалы, айыл-чарба продукциясынан эч кандай салык алынбайт. Айыл өкмөттөр, акимдер Статкомитетке  отчётун кандай тапшырып жатышат, аны баарыбыз билебиз да. Бизде буудайды, арпаны гектарына ашып  кетсе  30 центнерден алышат. Бирок иш жүзүндө дыйкан менен сүйлөшүп, аны  отчётко 35 центнерден алдык деп жазып коюшат. Бул нерсенин дыйканга ысык-суугу деле жок, ошон үчүн баарына макул болуп коёт. Реформаны мына ушул  статистика багытынан баштасак жакшы болот эле. Биз өзүбүздү, дүйнө мамлекеттерин  минтип жалган маалыматтар менен алдабашыбыз керек. Мунун кесепеттерин көп ойлобой жатабыз. Биз кайсы тармакта кандай реформа жүргүзсөк да, ошонун баарынын жыйынтыгы статистикага такалат. Мындайча айтканда, бул багыт мамлекеттин өзөгү да. Андыктан, бул багытка кайдыгер карабай, комплекстүү иш-чараларды дайыма көрүп турушубуз керек.

Тышкы карыздын көлөмү ИДПнын 60 пайызына жакындап калды. Көбүрөөгү Кытайга карызбыз. Кутулуу кыйын. Кытайлар болсо бизди акырындык менен “кайырмагына” илип жатат деген кооптоону көп айтылып жатпайбы. Чынында кайдыгерлик кылып жаткандайбыз…

—Силер айткандай 60 пайыздык чек деген эреже АКШ, Япония сыяктуу өнүккөн өлкөлөрдө жок. Биз сыяктуу чакан өлкөлөрдө ошондой эреже бар. Негизи тышкы карыз маселесинен өтө этият болушубуз керек. Бул нерсе эгемендүү мамлекетибиздин тагдырына балта чаап койчу терс көрүнүштөрдүн бири да. Чындай келгенде чет мамлекеттерден алынган миллиарддаган карыздарыбыздын бир топ бөлүгү  максаттуу пайдаланылбай, жыйынтыгы талапка жооп бербей калбадыбы. Маселен, биз жол салуу тармагына сырттан көп карыз алдык. Буга жедеп көнүп да бүттүк. Азыр Түндүк-Түштүктү бириктире турган альтернативдүү жол салынып жатат. Бул жолго акыркы маалыматтар боюнча 1 миллиард 200 миллион доллар кетет экен. Ал акчанын баарын чет мамлекеттерден насыяга алып жатабыз. Бул туура эмес. Себеби, бул жол өзүн актабайт. Жаӊы жол өтө татаал жерлерге салынып жатат. Бийик, ашуу, тоолуу жерлер дегендей. Андай жерлерде жок дегенде 6 ай кыш болот. Эл аралык норма боюнча андай  жолго кеткен акчанын 5-10 пайызын жыл сайын  ошол жолду кармап турууга,  (эксплуатацияга) мындайча айтканда кышкысын тазалап, тиешелүү иштерди жасап туруу үчүн  кетет экен. Демек, ал жол толугу менен 1, 2 млрд. долларга салынып бүтсө, кайра ал жолду жыл сайын 120 миллион доллар сарптап, тиешелүү иштерди жасап туруу зарыл. Бул өтө кымбат иш. Ошон үчүн өзүн актабайт деп жатабыз.

Транспорт министрлиги айдоочулар үчүн төлөнө турган жол болот деп жатпайбы. Жакында Кубакы жолуна төлөм киргизебиз деген маалымат таратышты. Бул маселеге кандай көз караштасыз?

—Биринчиден жолдорго төлөм киргизүү кыйын. Киргизген күндө да ошончо көп кыймыл болот. Экинчиден экономикалык жактан элге кыйын эле болуп калат. Эмнеге дегенде ошол төлөмдүн айынан түштүктөн ташылып келген азык-түлүк, жер –жемиштердин баасы эки эсеге өсүп, ал элге түшкөн эле мүшкүл болот. Андыктан өкмөт бул жагын да эске алышы керек.

(уландысы бар)

Булак: Багыт

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here