—Тилектеш агай, кыргыз журналистикасынын ынтымак, тилектештигине кандай баа бересиз?

 —Мен Журналисттер союзунун төрагасы болуп турганда 117 гезит- журнал бар эле. Кийин жалпы саны 2300гө чыгып кетти. Арасында чабалдары, ара төрөлгөндөрү өтө эле көп. Азыркы учурда чыгып жаткан гезиттер ашып кетсе, 85-95ке жетет. Мунун ичинде чабалдары да, курчтары да бар. Курчтарына: Азия-ньюс, Багыт, Фабула, Де-Факто сыяктуу эле  гезиттерди киргизсек болот. Кыргыз журналисттеринин айрымдары  өзүнө тагылган милдетти так аткарбай жатышат. Жарык кайда күйсө ошол жарыкты кубалап эле жүрө беришет. Сен айткан ынтымак, тилектештик маселеси менин купулума толбойт. Апыртып, жапырткандар, өзүн кыйын сезген, атаандаштыкты биринчи орунга койгон, эрежени бузуп жазган, бир эле стилде жазган журналисттер көбөйүп кетти. Бүткүл дүйнөдө журналисттердин тилектештиги бар. Бизде айрым учурларда кайсы бир журналистти сабап кетсе, же миллиондоп сотко берип жатса, ошого тилектештик билдирбей жатпайбы. Бул жакшы эмес. Ушинтип олтурса, кайдан ынтымак болот. Бул маселеге ар бир журналист көңүл бурушу керек. Антпесе болбойт.

Басма сөз күнүнүн түзүлгөнүнө бүгүн 25 жыл толуп жатыптыр. Бул мезгил бир  карасаң өтө аз эмес, бир карасаң өтө көп да эмес. Кыргызстанда деги эле майрам толтура. Бирок журналисттердин майрамына жалпы коомчулук көңүл буруп карап турат. Эмнеге дегенде журналисттер дайыма, ар бир мүнөттө, ар бир саатта жалпы элди жаңы маалыматтар менен камсыздап жатпайбы.

Мен кыргыз журналисттеринин калеми курч болушун, ынтымагы бекем болушун, сапат маселесине көңүл бурушун тилейм.

Маектешкен Айбек ШАМШЫКЕЕВ

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here