Сүрөттө Айжан  Жеӊишова

Бишкек шаарында 5-ноябрда жыл сайын уюштурулуп келген «Кыргызстан сулуусу — 2018» сынагынын финалдык туру өткөн. Анда бул наамга 27 сулуу талапкер болуп, жыйынтыгында 22 жаштагы Айжан Жеңишова жеңишке жетишкен болчу.

Бирок Turmush басылмасынын кабарчысына сынактын катышуучусу байланышка чыгып, аталган сынак калыс өтпөгөнүн, алдыңкы орундар акчага бааланып сатылганын айтышты.

Жеңүүчү болгон сулуу эл аралык сулуулар сынактарына өлкөнүн атынан катышуу укугуна ээ болуу менен баш байгедеги «Мерседес-Бенц A 140» үлгүсүндөгү унаанын ачкычын алган.

Унаа

«Кыргызстан сулуусу — 2018» сынагынын уюштуруучуларына нааразы болгон катышуучу Абдукаарова Саниа Аманбаевнанын айтуусунда, ага уюштууруучунун жардамчысы 1-орун үчүн акча берүү керектигин айткан.

«Сынак калыс өткөн жок. Менин телефонумду жардамчылары (уюштуруучу тарап) уурдап, аягында мени күнөөлү кылып коюшту. Акырында финалга бир жума калганда катышуудан өзүм баш тарттым. Анткени мага 1-орунду сунушташканда аны катышуучулардын алдында жарыя кылам деп айткам. Андан мурун менден 500$ карызга алышкан эле. Ошол акчанын ордуна мага титул ыйгармакчы болушкан.

Ал эми телефонумду эмне үчүн уурдап кетишти? Анткени анын ичинде көптөгөн былык иштерди ача турган далил маалыматтар болгон.

Мага акчага орунду биринчилерден болуп уюштуруучу тарап сунуштаган. Андан кийин жардамчысы биринчи орунду сунуштап калды. Бирок менде азыр бир гана сүйлөшүү учурундагы жазуу бар. Анда дагы акчага 1-орун сунушталганы жөнүндө сөз болот.

Ушул расмий эмес сынакка жарым жыл убактымды кетирдим. Анын аралыгында жол кырсыгына кабылып, белим сынып, операция болдум. Ошондо да мага уюштуруучулар «колдоо көрсөтөбүз, сен татыктуусуң, калган катышуучулардын баш байгеге даярдыгы жок. Кийин экинчи операцияны жасатасыӊ, чыдап тур» деп мага калп айтып келишкен. Баш байгени алган кыздын апасы өзүбүз автоунааны алып берели деп сунуш кылып жатат деп жардамчысы да, уюштуруучу өзү да айтып келген. Телефонум болгондо баардык далил менен жарыяламакмын», — деди Саниа.

Ал тиешелүү мамлекеттик органдарга арыз менен кайрыла турганын билдирди.

Ал эми Саниа телефонун уурдатып, башынан, мойнунан жаракат алганын жана кимдир бирөөлөр менен урушуп келгенине күбө болгонун «Бишкек сулуусу — 2016» сулуулар сынагынын катышуучусу Кубанычбекова Наргиза кошумчалады.

«29-октябрда Саниа видеотасмага тартуу иштери менен жүрүп, түнкү саат 3:00 чамасында үйгө келген. Келип эле буюмдарын таштап, бир жакка жөнөдү. Кайда барарын сураганымда уюштуруучуга жардамчы кыз үйүнө чакырып жатканын айтты. Бирок кайра эртең менен 06:00 — 07:00 чамасында үйгө көздөрү шишип, ыйлап келди. Эмне болду деп сураганымда телефонумду курткамдын чөнтөгүнөн уурдап алып, мени «подстава» кылышты деди. Сүйлөшүп отуруп, эмне болду экен деп карасам моюну канап жатыптыр. Тырмак менен мойну башын тытмалаган издер бар экен. Эмне болгонун сурасам башын карматты, шишип калган экен. Ошондо сүйлөй албай, ыйлап жатты.

Мага ага чейин көптөгөн сүйлөшүүлөрдү угузчу. Катышпай эле койчу деп көп жолу айткам, укпады. Анткени мен мурда менеджер болуп иштегем, сулуулар сынагында орундар сатылганын билчү элем.

Мен «Мисс Бишкек 2016» сулуулар сынагына катышкам. Убагында Саниа менен жакшы мамиледе болчубуз, бирок ортодо бузукулар тарабынан бузулган. Убакыт келип, ким-ким экени билинди», — деди Наргиза.

Ал эми «Дива Кыргызстан – 2018» наамы 1200 долларга чегерилип калганын, сынак бүткөндөн кийин аталган сумма жеңүүчүгө берилбей калганын айткан Мадышева Барчынай арыз менен прокуратурага кайрылганын айтты.

«Мен сынакка катышып жатканда уюштуруучу 1200 доллар акчаны карызга алган. Сынак бүтүп, билеттердин акчалары чогулгандан кийин берем деген болчу. Бирок сынакта мени «Дива Кыргызстана 2018» деп тандашып, кийин карызды кайтарып беришкен жок.

Андан кийин экөөбүздүн ортобузда чыр чыгып урушканбыз. Сынактын жеӊүүчүсүнө Түркияга берилген жолдомону да алган жокмун. Менин ордума өздөрү үй-бүлөсү менен барышты.

Мен Башкы прокуратурага арыз жазып кайрылгам. Азыр менин арызымы Мамлекеттик экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы карап жатат», — деди Барчынай Мадышева.

Азырынча сынактын уюштуруучусу катары жарыяланган Рыскүл Намазбекова жана башка катышуучулар, жеңүүчүлөр менен байланышууга мүмкүн болбой жатат.

Ал эми «Экинчи вице-мисс» аталган Эльгиза Ырсахунова: «Мен даярдык учурунда эч кандай терс көрүнүштөрдү көргөн эмесмин. Наамды акчага баалап алган жокмун», — деди.

«Кыргызстан сулуусу — 2018» сынагынын жыйынтыгы менен «Биринчи вице-мисс» наамына 19 жаштагы Нуриза Бектурова татыса, «Экинчи вице-мисс» наамына 18 жаштагы Эльгиза Ырсакунова ээ болуп, 3-орунга 16 жаштагы Арина Сулайманова чыкты. Үчөө тең Түркияда эс алууга жолдомо алышканы белгилүү болгон.

Алгач «Кыргызстан сулуусу — 2018» сынагынын финалына 30 талапкер катыша турганы маалымдалган. Финалга 27 талапкер чыкты.
Булак:turmush.kg

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here