Америкага качып кеткен Аскарбек Шадиев мандатынын алынганына нааразы болуп, үн катты. Мансаптын күчүн карачы эй, уят-намысты такыр эле жыйыштырып салат турбайбы. Аз күн мурун “Бир болчулар” Шадиевдин колу менен жазылган кат келгени, ал катта фракциядан чыгаруу өтүнүчү  жазылганы боюнча маалыматты ЖМКлар аркылуу элге таратышкан. Ошол каттын негизинде БШК Шадиевди мандатынан ажыраткан болчу. Бирок эки күн өтпөй Шадиев ал катты өзү жазбаганын, ал кат жасалма экенин айтып, АКШдан  үн катты. Лидер Сулайманов анын мындай билдирүүсү акылга сыйбай турган көрүнүш экенин, “Бир бол” фракциясы андай жасалма кат менен иш кылбай турганын баса белгилеп, ушуну менен иш бүттү дегендей ишарат жасады. Эмнеси болсо да, Шадиев кылмышты кылып коюп, качып жүрсө да мансабын бергиси келбей жатканы ушул ирет ачыкталды. Акмакчылыктын жеткен чеги эмеспи.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here