Жаза аткаруу мамлекеттик кызматында (ЖАМК) ири өлчөмдөгү каржылык зыян аныкталды.

Анда Кылмыш-жаза кодексинин 304, 171, 189, 350, 306, 315-беренелери боюнча козголгон кылмыш ишин тергөөнүн алкагында ЖАМК көчмө механизациялашкан колоннасынын жана САСЭМ жабык акционердик коомунун оңдоп-түзөөсүнө аудит жүргүзүлгөн.

Жыйынтыгында алдын-ала эсептөөлөр боюнча мамлекетке 10 миллион сомдон ашык зыян келтирилгени аныкталды.

Учурда тергөө иштери уланууда.

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here